Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Журналистке кол көтөргөн жагдай боюнча териштирүү жүрүп жатат


Кара-Суу району.
Кара-Суу району.

Ош облусунун Кара-Суу районунда журналист Бакыт Кулчумановго кол көтөрүү боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу журналист Фейсбук баракчасына жазды.

Журналист Мамлекеттик каттоо кызматынын Кара-Суу районундагы бөлүмүнө маалымат алуу үчүн барганда "Улук" аттуу киши ага кол көтөргөнүн айтып, окуянын видеосун жарыялаган.

Мындан улам ал 30-май күнү милицияга арыз менен кайрылган. Аталган арыз боюнча териштирүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын облустук милициядан билдиришти.

Учурда журналистке кол салган адамдын тек-жайы такталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бакыт Кулчуманов көз карандысыз журналист экенин, Кара-Суу районундагы жер маселесине байланыштуу кезектеги материалдын үстүндө иштеп жатканын айтты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары 1800 субъект жана 126 телерадиокомпания катталган. Быйыл көз карандысыз бир нече медиага атайын чабуул аракеттери болгон. Социалдык тармактарда аларды каралоодон баштап, редакциялардын жанында митинг уюштуруу акциялары да өткөн. Буга байланыштуу Кыргызстандагы медиа уюмдар өлкөдө сөз эркиндиги коркунучка кабылды деген тынчсызданууларын билдирген. (AAb)

XS
SM
MD
LG