Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Орусия Украинанын Луганск облусунда аткылоосун күчөттү


7-апрелде Луганск облусунун Северодонецк шаарынан бир аялды эвакуациялоого учуру.
7-апрелде Луганск облусунун Северодонецк шаарынан бир аялды эвакуациялоого учуру.

Акыркы күндөрү орус аскерлеринин Украинанын чыгышындагы Луганск облусуна аткылоосун күчөттү. Бул тууралуу айткан аталган облустун губернатору Сергей Гайдай ал жердеги жайкын тургундарды эвакуациялоо керектигин айтты.

Маалыматка караганда, тургундардын 30% дагы эле облустун шаарларында жана айылдарында турат, алар коопсуз жайга көчүрүүнү өтүнүп жатат.

Гайдай 9-апрелде украин телеканалына берген маегинде Орусия "чабуул жасоо үчүн күчтөрдү топтоп жатат жана биз аткылоонун көбөйгөнүн көрүп жатабыз" деди.

Украин бийлиги Орусия баш калаа Киевдин түндүгүндөгү аймактардан аскерлерин чыгарып кеткенден кийин өлкөнүн чыгышында жана түштүгүндө чабуулдарын күчөтүүнү пландап жатканын эскертип келет.

АКШ ушул аптада Москва Украинанын чыгышына он миңдеген аскерлерин жайгаштырууну пландап жатканын билдирген.

Британиянын Коргоо министрлиги 9-апрелдеги брифингде Орусия деңиз күчтөрү аркылуу ракеталык соккуларын Донбасстын чыгышына буруп жатканын айткан.

Анда Орусия аннекциялап алган Крым менен Донбасстын ортосун байланыштырган жол курууну көздөп жаткандыктан, Украинанын түштүк жана чыгышында абадан чабуулдар көбөйөт деп күтүлүп жатканы айтылат. Бирок украин күчтөрү бул аракетке туруштук берип жатканын да билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан ашуун бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

XS
SM
MD
LG