Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:04

Баткен: чарбакка жеткен чек ара чыры


Максат айылы, Баткен. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Максат айылы, Баткен. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Лейлек районундагы Максат айылынын тургуну тамаркасындагы жерин айдай албай жатканын айтып даттанды. Короосундагы жерди айдап баштаганда кошуна тажик айлынын айрым тургундары каршылык көрсөтүп, иш токтогон. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү маселе сүйлөшүү жолу менен жайгарыларын айтууда.

Максат - Баткендин эң четки айылдарынын бири. Айыл тургуну, 48 жаштагы Дастанбек Марипов өзүнө таандык тамаркасына эгин айдай албай жатканын мындайча түшүндүрдү:

“Мага кошуна тажикстандыктар эшигимдин астындагы жерге эгин айдаганга мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Үйүмдөн чыксам, 30 метрден нары Тажикстан. 4-апрелде трактор жалдап келип жерди айдап чөп эгип коёлу дегенбиз. Эки жолу жүргөндө тракторго таш атып ишти токтотушту. Чек арачыларды чакырып, көрсөттүм. Алар болсо сүйлөшүү болот анан чечилет деген, бирок чечиле элек. Айыл аймак башчысы, акимге да айтылган, баары билишет".

Максат айылынын тургундары. 27-май, 2021-жыл.
Максат айылынын тургундары. 27-май, 2021-жыл.

Максат айылы 1996-жылы жылма экспансияны токтотуу максаты менен түптөлгөн, учурда миңге чукул киши жашайт. Ушул күнгө чейин Тажикстан менен чек ара аныкталбаганынан улам талаш-тартыш тынымсыз чыгып турат. Өткөн жылдагы чек арадагы жаңжалда катуу жабыр тартып, жүзгө жакын үй өрттөлгөн. Айыл дээрлик кайра курулду десе да болот.

"Бирок чек арадагы коопсуздук маселеси дале курч" деди Дастанбек. Ал - алты баланын атасы. "Бир кызымдын майыптыгы болгондуктан дайыма көзөмөлдө болушу керек" дейт. Өткөн жылдагы чек ара жаңжалында үйү өрттөлүп, өкмөт кайра куруп берди.

"Мага тынч жашоо керек. Балдарым менен коопсуз жерде жашашым керек. Мындан башка мага эч нерсенин кереги жок".

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин айтымында, ушул сыяктуу чыңалууларды алдын алуу үчүн кошуналар менен тынымсыз сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

“Мен кечээ эле Лейлек районундагы чек ара айылдарында болуп келдим. Сай деген жерде дагы ушундай маселе бар. Райондук деңгээлде сүйлөшүү өткөрүп муну чечүү жолдору каралат. Жаз алды менен эми ар кандай чыңалуулар жаралат. Ага биз даяр болуп, кошуналар менен чогуу алдын алуу аракетин көрүп жатабыз. Эң негизги суу талашын чечүү үчүн эки тараптуу комиссиябыз иш алып барууда. Сугат суунун айынан чыр чыкпасын деп иштеп жатышат. Биз өз аракетибиз менен туруктуулукту карап, тийиштүү маселелерди чечип жатабыз. Максаттагы бул Дастан Мариповдун маселеси да чек ара чечилгенге чейин эки тараптуу сүйлөшүү жолу менен чечилет. Бул үй-бүлө жашап, тирилигин өткөрө берет. Мен жеке көзөмөлгө алам бул ишти. Эми чек аралардын толук такталбаганынан улам ушундай маселелер жаралууда”.

Тажик тарап бул боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Максат айылындагылар чек ара такталып, зым тосмолор тартылса, ар кандай пикир келишпестиктерге да чекит коюлмак деген пикирде.

“Зым менен тосмолонот деп айтышкан, ал да ишке ашпады. Айылды таза суу менен камсыздоо иши сентябрда башталган, алиге чейин бүтпөй жатат. Иштеп башташса эле кошуналар келип ишти токтоткула деп жатышат. Ушунун айынан кээ бирөөлөр көчүп кетти",-деди айыл тургуну Нурпия Саттарова.

Максат айылы: жаңжалдан кийин курулган үйлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:10 0:00

Чек араны тактап, аныктоо боюнча иш алып барган эки тараптуу комиссия негизинен калк жашабаган аймактарда ишти дээрлик бүтүрүп, айылдардагы эл аралашып калган участоктордо жумуш уланышы керектигин билдирген. Калктуу аймактарда чырга себеп болгон талаштуу жерлер бар.

Өткөн айда Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы сууну пайдалануудан улам чыккан чыр-чатактарды алдын алуу максатында биргелешкен жумушчу топ түзгөнүн жарыялаган. Чек арада коопсуздукту сактоо, курал колдонбоо тууралуу макулдашуулар болгону айтылып келет.

Өткөн жылдын май айынан бери чек ара тактоо боюнча эки тараптуу комиссия 81 чакырым боюнча орток пикирге келишкени кабарланган. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана буга чейин такталганы айтылып келет. Калган чек аралар негизинен калктуу конуштарга келип такалган. Чек арадагы чатакташуулардын көбү, жер, суу, жол маселесинен улам чыгып, арты айгышкан тирешке айланып кетүүдө.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Ал чатакта Кыргызстандан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын айткан. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.

Ушундан кийин эки тараптын расмий өкүлдөрү жолугуп, чек арада коопсуздукту сактоону, курал колдонбоону макулдашкан. Жергиликтүү элдин чарбалык иштерин чечүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлгөн. Тараптар алды менен көп учурда чек арадагы чырга себеп болгон чарбалык иштерди биргелешип чечүү боюнча иш алып барып жатканын айтууда.

XS
SM
MD
LG