Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы сууну пайдалануудан улам чыккан чыр-чатактарды алдын алуу максатында биргелешкен жумушчу топ түздү. Анын курамына суу адистери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кирди.
Баткен облусунун аймагынан башталган эки дарыяны, андан тышкары бир канча майда агын сууларды эки өлкө бөлүшүп пайдаланат. Чөлкөмдө суу тартыш болгондуктан сугат мезгилинде талаш-тартыш чыгып, арты чек ара чатактарына себеп болуп калууда.
"Талаш жаратпай тургандай иш алып баралы"
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ маселени чечет деп ишенип турат.
“Жолугушууда суу маселесине басым жасадык. Эки тараптуу жумушчу тобун түздүк. Биз тараптан облус башчысынын биринчи орун басары, тажик тараптан Согд облусунун биринчи орун басары жумушчу топту жетектейт. Бул топ 16-марттан баштап ишин баштайт. Мында эки өлкө ортосундагы сууларды пайдалануу, каналдарды, арыктарды тазалоо, бөлүштүрүү боюнча талаш жаратпай тургандай иш алып барат”.
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев түзүлгөн жумушчу топ чек арадагы кырдаалга карабай, суу үзгүлтүксүз жеткирилип, келишимдердин бузулбай аткарылышын камсыздоого умтулат дейт.
“Бул жумушчу топ чек арадагы кырдаалга карабай келишимдерде көрсөтүлгөн суунун жеткирилип туруусун камсыздайт. Былтыркы окуялардан кийин эки жарым ай суу токтоп калып, эки тараптын да эли кыйналган. Келишимдин так аткарылышына тажик бийлиги да кызыкдар болуп жатат. Эки тараптын да дыйкандары үчүн бул жакшы шарт болот”.
Азырынча бул жумушчу топ мурда жетишилген келишимдердин гана так аткарылуусун камсыздайт. Сууну бөлүштүрүү боюнча өзгөртүү киргизе албайт. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда сугат суу совет мезгилиндеги айыл чарбасын пландоого, андагы айдоо аянтына, айдалган эгиндин түрлөрүнө карап кабыл алынган келишим менен бөлүштүрүлүп келет.
Совет мезгилинен калган суу пайдалануу эрежелери
Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун пикиринде, суу тартыштыгын эске алып, аны пайдалануу боюнча келишимдерди кайра карап чыгуу зарыл.
“Кар жакшы жаабай, жазда суу тартыштыгы болуп келүүдө. Бул жакынкы жылдары мындан ары да күчөйт. Бир жагынан калктын саны да көбөйүүдө. Анын үстүнө жакында сугат мезгили да башталат. Ушуга чейин союз мезгилиндеги келишимдерди жокко чыгарып, кайрадан жазып чыгыш керек эле".
Эгерде бул маселе оңдуу чечилбесе, чек ара чатактарынын негизиги себеби болуп кала бериши мүмкүн дейт Баткендин мурдагы акими, абалды жакындан билген адис Хаит Айкынов.
"Баткен аймагында төрт-беш дарыя коңшу өлкөлөр менен чогуу пайдаланылган таранс-чек аралык суу болуп эсептелет. Чыгып жүргөн чыр-чатактардын бир себеби, суу пайдалануу эрежелери союз учурунда орнотулуп, ошол бойдон калгандыгында. Ал учурда ар бир республика бир башкаруунун алдында болгондуктан өз алдынча проблема чыгарганга батынган эмес. Эгемен өлкө болгондон бери ошол маселелер айтыла баштады. Тилекке каршы, мамлекеттик деңгээлде чечилбей келүүдө. Менимче бул эреже өзгөрүшү керек. Себеби, кырдаал, айыл чарба багытындагы жердин структурасы, аянты өзгөрдү. Бул жагдайлар сөзсүз эске алынышы керек".
Эгемендик алган жылдары эки тарап тең мурдагы келишимдер толук сакталат деген милдеттемелерге кол коюлган. Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстар агенттигинин директору Алмаз Сокеев келишимди кайра карала турган болсо, кылдат мамиле жасалышы керек деген ойдо.
"Сууну бөлүштүрүү боюнча протоколодорго 1980-1990-жылдары кол коюлган. Кийин эгемендик алганда аларды аткарабыз, бири-бирибизди сыйлайбыз деп кол койгонбуз. Бул маселе да бир жылда эмес, акырындап чечилет. Бирок биздин кээ бир жерлерибизге суу тажик айылдары аркылуу келет. Келишимди караганга чейин өзүбүздүн ушул сыяктуу көз карандылыгыбызды жоюшубуз керек. Ошондуктан бул маселе кылдаттыкты талап кылат".
"Келишим аткарылбай калууда"
Өткөн жылдын 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кандуу кагылышуу болду. Эки тараптан тең аскерлер менен бирге эле жарандар жабыркап, ондогон адамдар өмүр менен кош айтышып, жүздөгөнү жарадар болуп, турак жай, мектептер жана башка курулуштар талкаланып, өрттөлгөн.
“Головной” суу бөлүштүрүүчү жайындагы электр мамыларына тажик тарап видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган.
Ошентип кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал "Головной" суу сактагычында тутанган. Андан ары Баткен жана Лейлек райондорунда чыгып, айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлдү. Ошондон бери чек арада чыңалуу сакталып келүүдө.
Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр айыл аймагында өткөн жылы жай мезгилинде сугат суу тартыш болгон. 2021-жылы апрелдин соңундагы куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстандын Мачаъи айылы аркылуу өткөн каналдан суу жеткирүү түйшүгү кыйнаган.
Самаркандек айыл аймагынын башчысы Шайлообек Гапаров сугатчыларды тажик айылына киргизбегенин, келишимде көрсөтүлгөн көлөмдөгү сууну алууда кыйынчылык болуп келгенин айтты.
“Биздеги негизги маселе - суу. Бул жерде бир эле Самаркандек эмес, Ак-Татыр айыл аймагы, Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө деген айылы да бар. Суунун башы Ак-Сай айылында болгону менен, агып келип Тажикстандын Мачаъи айылынан өтөт. Былтыркы жаңжалдан кийин суу тартыштыгынан кыйналганбыз. Эки тарап сүйлөшүп түзгөн келишимибиз бар. Сүйлөшүүгө барганда баарына макулдугун берип, кеткенден кийин убадасын аткарбай коет. Келишимде көрсөтүлгөн суунун көлөмүнүн жарымын берет, азайтып коюшат. Текшерүү үчүн тажик айылдарына кирүү кооптуу”.
Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жетти. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазып чыкты. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасады.
Бул окуялардан кийин эки тараптын расмий өкүлдөрү бир нече ирет жолугуп, кырдаалды талкуулаган. Чек арада коопсуздукту сактоону, курал колдонбоону макулдашканы айтылды. Алды менен чек арадагы элдин чарбалык иштерин чечүү үчүн биргелешип иштөө аракеттери көрүлүүдө.