Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:47

АКШ Орусияга жаңы санкцияларды жарыялады


Орусиянын баш калаасы Москва. Иллюстрация сүрөт.
Орусиянын баш калаасы Москва. Иллюстрация сүрөт.

АКШ Орусиянын бир катар технология компанияларына жана Москванын Украинага басып киришине байланышы бар деген адамдарга санкция салды. Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги 31-мартта билдиргендей, орусиялык 13 жаран жана 21 мекеме санкциялык тизмеге киргизилди. Алардын арасында Орусиядагы чип чыгаруу багытындагы эң чоң компания деп саналган "Микрон" ишканасы да бар.

Мындан тышкары АКШ санкциялардын күчүн Орусиянын аэрокосмос, электроника тармактарына жана деңиз флотуна чейин кеңейтти. Бул чечим Вашингтонго аталган тармактарда иш алып барган компанияларга же жеке тараптарга санкция салууга мүмкүнчүлүк берет.

Каржы министрлиги соңку чаралар Орусиянын "зыяндуу кибер оюнчуларына" каршы багытталганын билдирди.

"Биз пайдасыз согушту тандоо токтогонго чейин бардык өңүттөгү санкциялар менен Путиндин согуш машинасын бутага алууну улантабыз", - деди АКШнын каржы министри Жэнет Йеллен.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Москва мурда болуп көрбөгөн эл аралык санкцияларга кабылды.

XS
SM
MD
LG