Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:52

Жогорку соттун төрагалыгына сунушталган Медербек Сатыев ким?


Медербек Сатыев
Медербек Сатыев

Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштады. Ал он жылдай мурдараак азыркы президент Садыр Жапаровду, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жана мурдагы спикер Талант Мамытовду актаган соттук коллегиянын мүчөсү болгон.

Аталган саясатчылар бийликке жеткен соң Сатыев Президенттик администрациянын бөлүм башчылыгына келип, кийин Жогорку соттун судьялыгына бекиген. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков он күн алдын кызматтан кеткен.

Сатыевдин секиригинин сыры

Жогорку сотунун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунушталып, жактырылганын Судьялар кеңешинин басма сөз кызматы 22-октябрда кабарлады. Маалыматта айтылгандай, тиешелүү отурум ушул эле күнү өттү.

“Бүгүн, 22-октябрда Судьялар кеңешинин жыйынында Жогорку соттун төрагасы кызматына Сатыев Медербек Асанбековичтин талапкерлиги каралды. Судьялар кеңешинин мүчөлөрү анын талапкерлигин бир добуштан колдошту”, – деп айтылат билдирүүдө.

Медербек Сатыев жана Замирбек Базарбеков.
Медербек Сатыев жана Замирбек Базарбеков.
  • Баш мыйзамга ылайык Жогорку соттун төрагасы кызматына талапкерди Судьялар кеңеши сунуштап, Жогорку Кеңеш макулдук бергенден кийин аны президент беш жылдык мөөнөткө дайындайт. Бул кызматка талапкер Жогорку соттун судьяларынын ичинен тандалат. Талапкер депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушун алышы керек.

50 жаштагы Медербек Сатыев Ош шаарында туулган. Ал Улуттук университеттин юридика факультетинин бүтүрүүчүсү. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук сот департаменти бөлүмүнөн баштаган. Кийин Чүйдүн Сокулук районунда жана Бишкек шаарында судья болуп иштеген. Анын карьерасындагы маанилүү учур дал ушул борбор калаанын сотунда судья болуп турган кезде болуп, эмгек жолу кескин өзгөргөн.

2012-жылы Кумтөр кенине байланыштуу нааразылыктан соң “бийликти басып алууга” айыпталып кармалган Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду Бишкектин Биринчи май райондук соту 2013-жылы жазда 1-1,5 жылдан абакка кескен.

Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов. 2012-жылдын январы.
Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов. 2012-жылдын январы.

Ошол эле жылы жайында Бишкек шаардык сотунун үч адамдан турган соттук коллегиясы – Курманкул Зулушев, Медербек Сатыев жана Сания Бранчаева саясатчыларды толук актаган чечим чыгарышкан. Тагыраагы, Зулушев менен Сатыев оппозициячыл саясатчыларды актоону жактаган.

Бирок прокуратуранын көзөмөл сунушунун негизинде Жогорку сот айыпталуучуларды кайра жоопко тартып, алар депутаттык мандатынан ажыратылган. Өздөрү жазасын өтөп бүткөнүнө байланыштуу жазадан бошотулган.

Жогорку сот муну менен кошо судьялардын жоопкерчилигин кароо өкүмүн кошо чыгарган. Кийин бул боюнча териштирүүлөр уланып, Медербек Сатыев менен Курманкул Зулушев кызматтан бошотулган.

Мындан соң эки экс-судья 2015-жылы Ташиев менен Мамытов баштаган “Республика-Ата Журт” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Бул шайлоодо Зулушевге депутат мандат тийип, саясаттын чордонунда болсо, Сатыев коомдук турмушка аралашкан жок.

2020-жылкы Октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаров бийликке келген соң президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Бирок бул кызматта көпкө турбай 2021-жылдын июнунан тартып Президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүн жетектеп, 2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын ноябрына чейин Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин директору болуп турду.

Сатыев 2024-жылы январда Жогорку соттун судьясы болуп шайланган.

Жапаров менен Ташиевдин мурдагы үзөңгүлөшү, саясатчы Жылдызкан Жолдошева Сатыевдин Жогорку соттун төрагалыгына көрсөтүлүшүнө мындайча баа берди:

Жылдызкан Жолдошева
Жылдызкан Жолдошева

Медербек Сатыевди мен алгач коллегаларым Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин жана Талант Мамытовдун ишин караган учурда биринчи жолу көрдүм. Ошондо Курманкул Зулушев менен Медербек Сатыевге жогору жактан көрсөтмө болуп, “аларды камайсың” дешкенде да кысымга баш ийбей, мыйзам чегинде үчөөнү эркиндикке чыгарган. Эгер ушул жагын карай турган болсок, Сатыев мыйзамга баш ийип иштеп берет. Бирок бизде ар бир президент сот тармагында реформа жасайм деп айтат да, тилекке каршы, ал ишке ашпай келатат. Соттор баягыдай эле телефон чалуу аркылуу, кысым, Президенттин администрациясынын көрсөтмөсү менен эле чечим чыгарып келатышат. Мыйзамдын негизинде эмес, саясий чечимдерди чыгарып жатканы жашыруун эмес. Медербек Сатыев ушул нерсени жоюп, саясий буйруктарды аткарган сотторду тазалап, жалаң мыйзам менен иштеген системаны түзө алабы, бул башкы суроо. Негизи кадр тандоодо ушундай эреже бар - кайсы бир кадр алмаштырылса, ордуна андан күчтүү кадр келиши керек. Сатыев мурдагы төрагадан канчалык күчтүү, канчалык реформачыл, канчалык мыйзам менен эсептешип иштей турганын иши аркылуу көрөлү”.

Баса, Ташиевди, Жапаровду жана Мамытовду актаган соттук коллегиянын мүчөсү, андан соң иштен алынган Курманкул Зулушевдин тагдыры да кийин аталган саясатчылар менен эриш-аркак кетти. Ал да 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо "Республика - Ата Журт" партиясы менен, 2020-жылы “Мекенчил” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Зулушев 2020-жылкы Октябрь окуяларынан соң Башкы прокурор болуп дайындалып, бул кызматта 2024-жылдын июнуна чейин иштеди.

Соттук реформа жана саясий байланыш

2022-жылдын февраль айынан бери Жогорку соттун төрагасы болуп иштеп келген Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы быйыл 9-октябрда белгилүү болгон. Ушул эле күнү Судьялар кеңеши анын арызын канаттандырып, Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту Садыр Жапаровго жөнөткөн.

Жогорку Кеңеш 10-октябрда Замирбек Базарбековду кызматынан бошотууну колдогон. Базарбековду кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 11-октябрда кол койгон.

Базарбеков да 2016-жылдан кийин азыркы президент Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн тушта анын адвокаты болгон эле. 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып, 2021-жылы июнь айында Жогорку соттун судьясы кызматына келген.

Садыр Жапаров куугунтукка кабылган мезгилде адвокаты болгон Шарабидин Токтосунов ал президент болгон соң – 2021-жылы Бишкек шаардык соттун судьясы болуп дайындалган.

Мунун баары дал келүүчүлүк катары каралганы менен, иш жүзүндө Зулушев менен Сатыев Жапаров баштаган саясатчыларды актаганы, Базарбеков менен Токтосунов кезинде анын адвокаты болгону ырас. Ушул жагынан алганда Сатыевдин Жогорку соттун төрагалыгына сунушталышы коомчулукта түрдүүчө талданууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “Азаттыкка” мындайча комментарий берди:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Бул жерде таң кала турган эч нерсе жок. Бул кызматка жеке ишенич болгон кишини тандап жатат. Бул жерде анын тажрыйбасы экинчи орунда калды. Бул өздөрүнүн чечими. Жогорку Кеңеш карайт да, бекитип берет. Башка айта турган нерсе жок. Мурда сот болгон кишиге, ошондой эле Жогорку соттун төрагасына толтура талаптар болчу эле. Азыр андай талаптар жок. Беш жылча сот болуп иштесе болду, төрага боло алат. Тендер, сынак деген нерселер жок да азыр. Кимди колу менен көрсөтсө, ошол дайындалат. Жакшы иштедиби, жаман иштедиби, мен комментарийлей албайм. Себеби аны тааныбайт экем”.

2022-жылы Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматтан кетип, анын ордуна келген маалда Замирбек Базарбеков мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, соттук-укуктук адилетсиздикти жоюу, саясатчы, журналист жана бийликке сын айткан адамдарга карата жүргүзүлгөн сот жараяндарын токтотуу, сот бийлигин ар кандай саясий топтордун куралына айлантпоого убада берген.

Базарбеков ошондой эле сотторду ротациялоо, кызматка тандоону жакшыртуу тууралуу пландарын бөлүшкөн. Ал мамлекеттин экономикалык жактан өсүшү жана элдин ишеними соттордун көз карандысыздыгына байланыштуу экенин түшүнүп турганын да айткан.

Эки жылдан ашык убакытта Замирбек Базарбеков сот системасын оңдоого чоң аракет жумшалып жатканын дайыма белгилеп келген жана айрым билдирүүлөрү талкуу жараткан. Мисалы, ал маектеринде сотторду толугу менен көз карандысыз деп айтууга болбосун белгилеп келген. Бирок бул аралыкта сот системасына карата коомчулуктун пикири толук өзгөргөн жок.

Мурдагы судья, учурда адвокат болуп иштеп жаткан Кайсын Абакиров Жогорку соттун жаңы төрагасы ушул жааттагы реформаларды жүзөгө ашырат деп ишенерин белгиледи:

Кайсын Абакиров
Кайсын Абакиров

Медербек Сатыевдин талапкерлигинин сунушталышын абдан туура деп эсептейм. Анткени ал сот тармагында абдан тажрыйбалуу судья катары белгилүү. Ал ошондой Сот департаментин да жетектеп келгенин билебиз. Сатыев Жогорку соттун төрагалыгына бекисе, эң биринчиден соттук реформаны алгылыктуу жүргүзө алат деп эсептейм. Ал Кыргызстандагы соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылууга жетишүүсү керек. Азыркы учурда сот системасы башка укук коргоо органдарына көз каранды болуп калды. Соттук реформадагы негизги багыттардын бири - сот отурумдарын онлайн жүргүзүү, аны да эстен чыгарбаш керек. Ушуларды эске алуу менен Жогорку соттун төрагалыгына президенттин ишенимдүү адамынын барышын кубаттаса болот. Себеби соттук реформаны президентти жакшы билген жана президент аны жакшы билген гана адам жүргүзө алат. Эгер Сатыев Жогорку соттун төрагалыгына дайындалып калса, бул Кыргызстандагы бардык сотторго эскертүү же белги катары кабылданышы кажет. Тарых качан болбосун адилетсиз чечимдерди да, адилеттүү чечимдерди таразалап коёт дегенди билдирет”.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр судьяларга каршы 760 арыз түшкөн, анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылып, дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткен. Башкы прокуратура 11 судьяга кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Быйыл жыл башынан бери деле бир катар судьялар пара алууга жана коррупцияга шек саналып кармалган.
Эл аралык республикалык институттун быйылкы изилдөөсүндө сурамжылоого катышкан 1500 адамдын 65% Кыргызстан үчүн эң олуттуу көйгөй коррупция экенин, сот системасы жемкорлукка батканын белгилеген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG