Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:32

22-октябрь: Cуданда учак кыйрады, "Свобода" радиосу Европа сотунда Орусияга каршы ишти утту


Russianplanes.net сайтынан алынган сүрөт
Russianplanes.net сайтынан алынган сүрөт

22-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кыргызстандын авиация агенттиги Суданда кулаган учак боюнча түшүндүрмө берди

Расмий билдирүүдө EX-76011 номуру менен катталган ИЛ-76ТД учагы быйыл 12-январда Кыргызстандын реестринен чыгарылып, Суданда катталганы жазылган. 21-октябрда Суданда Ил-76 жүк ташыган учагы кыйраган. Анын бортунда орусиялыктар болгону кабарланган. Судандагы кырдаалга көз салган Sudan War Monitor порталынын маалыматында "Ыкчам колдоо күчтөрүнүн" (RSF) жикчилдери Бириккен Араб Эмирлигинен учуп келаткан Ил-76 жүк ташуучу учагын жаңылып атып түшүргөнү айтылат. Учак "Ыкчам колдоо күчтөрүнө" (RSF) курал-жарак ташып баратканы кабарланды. Окуя Түндүк Дарфурдун Малха аймагында болгону болжолдонууда. Mash Телеграм-каналы каза болгондордун бири Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын инженери Виктор Гранов экенин жазды. Буга чейин интернетке жарыяланган видеолордон улам ага берилген күбөлүк "Манас" аба майданына таандык экени белгилүү болгон. “Суданда кыйраган учакта табылган документ (тархетка) “Манас” эл аралык аэропортунун кызматкерине эмес, Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын кызматкери Виктор Грановго берилген. Орусиянын жараны, учкуч Виктор Гранов 2024-жылы май айында "Манас” эл аралык аэропортунан АН-12 самолетун Ошко жеткирүү үчүн чакырылган. Тархетка бортту жеткирүүгө байланыштуу берилген", - деп "Манас" эл аралык аэропорту билдирүү таратты.

Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунуштады

Мыйзамга ылайык, Жогорку соттун төрагасы кызматына талапкерди Судьялар кеңеши сунуштайт. Парламент макулдук бергенден кийин президент беш жылдык мөөнөткө дайындайт. Бул кызматка талапкер Жогорку соттун судьяларынын ичинен тандалат. Медербек Сатыев 1974-жылы Ош шаарында туулган. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук сот департаментинде баштаган. Ал 2013-жылы Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди, Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын мүчөсү болгон. 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2022-жылы октябрда Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин директору болуп иштеп, 2024-жылдын башында Жогорку соттун судьясы болуп шайланган. Мурдагы төрага Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү арызын 9-октябрда жазган. Жогорку Кеңеш 10-октябрда анын кызматтан бошотууну колдогон, эртеси президент Жапаров кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Милициянын видеосун жарыялагандарды жазалоо долбоору колдоо тапты

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, сүрөт жана видеого тартып, алардын ишин каралоо максатында материалдарды интернет сайттарга таратууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде каралып, биринчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Сүйүн Өмүрзаков соңку жылдары дарыгерлерге, мугалимдерге жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө карата бейбаштык кылган учурлар көбөйгөнүн белгиледи. Коомдук коопсуздукту камсыз кылууда милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбегендер бар экенин билдирди. Ал мыйзам долбоору жарандардын маалымат алуу жана таратуу укугун чектебей турганын айтты. Документ кабыл алынса, анын талаптарын бузгандар 5 миң сом айып пул төлөйт же 5-7 сутка камалат.

Ливан Бейруттагы ири оорукананын жанында өлгөндөр 13кө жеткенин билдирди

21-октябрдын кечинде Рафик Харири атындагы университеттин клиникасынын маңдайындагы имаратка дүрмөт тийген. Министрликтин маалыматында, курман болгондордун арасында кеминде бир бала бар, 57 киши жараат алды. Израил “Хезболланын” (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) каржы булактарын тескеген Al-Qard Al-Hassan ассоциациясын бутага алганын жана карапайым кишилерге зыян келтирбөөгө аракеттенгенин айтууда. "Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, ал эми Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

БУУ: Согуш Палестинанын өнүгүүсүн 1955-жылдагы деңгээлге түшүрдү

Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобу ортосундагы согуш Палестинанын экономикасын талкалады жана Газанын бүтүндөй калкын жакырчылыкка батырды. Жашоо сапатынын көрсөткүчтөрү мындан 70 жыл мурдагы деңгээлге түшүп кетти. Мындай корутундусун шейшембиде БУУнун Өнүгүү программасы жарыялады. Дүйнөлүк уюмдун өкүлү Шитозе Ногучи Газа тилкесинин жана Иордан дарыясынын батыш жээгин камтыган палестин аймактарынын экономикасы согуш башталган бир жылдан бери 35% төмөндөгөнүн белгиледи. Анын айтымында, эң оптималдуу шартта да эл аралык жардам азыркы деңгээлде калып, Газа менен батыш жээкке жеткирилип турса, өнөр жайдын көлөмүнүн урушка чейинки деңгээлге кайтуусу үчүн кеминде 10 жыл талап кылынат.

"Свобода" радиосу Европа сотунда Орусияга каршы ишти утту

Адам укуктары боюнча Европа соту "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы – "Радио Свобода" мекемеси жана мурдагы директору Андрей Шарыйдын Орусия Федерациясына каршы арызы боюнча чечим чыгарды. Соттун чечиминде айтылгандай, орус бийлиги "Свобода" радиосун "чет элдик агент" деп атоо менен Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын сөз эркиндиги жана уюшуу эркиндигине тиешелүү беренелерди бузган деп табылды. Орусия бийлиги "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна жана Шарыйга 950 миңдей доллар кенемте жана 60 миң долларды соттук иштер үчүн төлөөгө милдеттендирилди. Сот ошондой эле Орусиянын "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамы бейөкмөт уюмдардын ишине айкындык киргизүүнү эмес, жазалоону, адамдарга туура эмес маалымат берүү, жик салууну көздөгөнүн билдирди. “Материалдарын "чет элдик агент" тарабынан даярдалган деп маркалоо талабы демократиялык коомдун пайдубалына доо кетирет”, - деп эсептейт сот. Доо арыз 2021-жылы майда орус бийлиги “Радио Свобода” мекемесинин банк эсептерин камакка алып, эбегесиз айып пул салгандан кийин берилген. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилиги Кремлдин чындыкты айткандарды цензурага алуу аракетине каршы күрөшөрүн айткан.

Казакстанда өлкөдөгү эң узун көпүрө ачылды

Чыгыш-Казакстан облусунда Буктурма суу сактагычы үстүнөн өткөн, узундугу 1316 метрлик көпүрө ачылды. Транспорт министри Мурат Карабаев эки тилкелүү жол аркылуу күнүнө 80 миң автомашина өтүп турарын билдирди. "Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, көпүрөнүн салынышын жергиликтүү тургундар жылдап күткөн. Аны куруу чыгымы былтыр эки эсеге кымбаттап, 60 млрд тенгеден (болжол менен 12 млрд 370 миллион доллар) ашкан. Жергиликтүү бийлик аны көпүрө көздөй 17 километр жол салуу жана базар бааларынын өсүшү менен түшүндүргөн. Чыгыш-Казакстан облусу Кытай жана Орусия менен чектешет. Буктурма суу сактагычы 1960-жылдары курулган.

XS
SM
MD
LG