Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Next TV телеканалынын соту 28-мартка белгиленди


Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-мартта Next TV жарыялаган маалыматты экстремисттик деп таануу тууралуу прокуратуранын арызын карады.

Кийинки жараян 28-мартка белгиленгенин телеканалдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, прокуратуранын сотко кайрылышы боюнча маалымат тараптарга чукул түрдө айтылган. Бир эле мезгилде шаардык сотто телеканалдын директору Таалай Дүйшембиевдин бөгөт чарасы да каралгандыктан, жараянга өз убагында жетишүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 24-мартта Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевдин бөгөт чарасы каралып, Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калды. Биринчи инстанциядагы сот Дүйшембиевди 3-майга чейин камакка алууга чечим чыгарган.

“Бул саясий чечим. Кремлдин басымы менен Кыргызстандагы ар тараптуу, эркин, эгемен телеканалды жабуу аракети жүрүп жатат десем болот. Мунун баары Кыргызстандагы демократияга болгон басым”, - дейт Равшан Жээнбеков

22-марттагы сот телеканалдын кызматкерлерине 3-марттан бери жабык турган кеңсеге кирүүгө уруксат берген эмес.

Буга чейин Next TVнын жактоочулары тергөөчү бардык документтерди өзү менен кошо алып кеткендиктен, кеңсени жабык кармоого негиз жок экенин билдиришкен.

Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мөөр басып кеткен иш бөлмөлөрдө кызматкерлердин буюмдары, зарыл дары-дармектери калганын айтып жатат.

3-мартта УКМК телеканалдын директорун "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен козголгон иштин негизинде камакка алган. Тергөө телеканал Украинадагы кырдаалга байланыштуу "Кыргызстан Орусияга аскердик жардам бере турганы" жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган деп эсептейт.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматтарды таратууда этият болууну жана эрежелерди сактоо керектигин белгилеген. (JsA)

XS
SM
MD
LG