Бириккен Улуттар Уюмунун божомолуна ылайык, Украинадагы согуш дүйнө жүзүндө азык-түлүктүн жетишсиздигине алып келиши мүмкүн. Ал эми айрым өлкөлөрдө ачарчылык да болушу ыктымал.
Мунун негизги себеби – Украина жана Орусиянын дүйнөдөгү күн карама майы менен буудай базарындагы үлүшү, ошондой эле башка дан эгиндерин (жүгөрү, арпа ж.б.) өндүрүү боюнча да үлүшү кыйла чоң экендиги. БУУнун эсебинде, бул эки өлкөдө өндүрүлүүчү май менен буудай башка мамлекеттерге жеткирилбей калса, дүйнөдө 40 миллиондой адам өтө жакыр абалга түшүп калышы мүмкүн.
"Эгер эгин айдалбай калса..."
Украинадагы согуш чын эле дүйнөдө азык-түлүктүн жетишсиздигине себепкер болушу ыктымалбы? “Настоящее Время” телеканалы Киевдеги экономика мектебинин президенти, Украина президентинин кеңешчиси Тимофей Миловановго бул суроолорду узатты. Милованов мурда Украинанын экономика министри болгон.
–Согуш Орусия менен Украинанын чегинен тышкарыдагы кишилердин жашоосуна кандайча таасир этет?
– Бул маселе бар экени чын. Бирок, ар башка азык-түлүк каатчылыктарын жана чыныгы ачарчылык түрлөрүн айырмалап карайлы. Украинада азыр болуп жаткан нерселер бул өлкөдө тамак-аштын жоктугуна байланышкан эмес. Анын себеби – согуш аракеттеринин айынан аны керектүү жерге, мисалы, Мариуполго жеткирүү мүмкүн эместигинде. Башкача айтканда, гуманитардык жана согуштук катастрофа. Бирок бүткүл дүйнөдөгү буудай экспортунун үчтөн бирине жакын бөлүгү Украина менен Орусияга таандык дегениңиз толугу менен туура. Бул базарда Украина болжол менен 11 пайызды ээлейт. Орусиянын үлүшү – түшүмдүүлүккө жараша 16-20% чейин. Күн карама боюнча мындан да көп: Украина өзү эле дүйнөдөгү май экспортунун 50% ашыгын ээлейт.
Май менен буудай эле эмес, жүгөрү да бар. Бир гана Украинага дүйнөдөгү жүгөрү экспортунун 18% таандык. Арпа да бар. Эң көп керектелүүчү дан азыктарынын беш түрү бар. Украина жана Орусия базарда лидерлик кылышат. Ошондуктан эгер эгин айдалбай калса (азыр Украинада эле эмес, Орусияда деле айдоо иштерин жүргүзүү дипломатияга байланып калганын билесиз), быйыл түшүм аз болот, жетиштүү камдалбайт.
Мындан тышкары, азыр Украинада 5 миллиондон ашуун тонна дан тосулуп калган. Биз аны сыртка экспорттой албайбыз. Анткени, Одессада Мариуполдогудай эле катуу салгылашуу жүрбөсө да, согуш болуп жатат. Ошондуктан азыртан эле кыйынчылык жаралууда.
Бул кимдерге таасир этет?
- Түндүк Америка же Европа сыяктуу өнүккөн өлкөлөр анча зыян тартпайт. Бирок Жакынкы Чыгышка, Азиянын айрым өлкөлөрүнө жана Африканын көп өлкөлөрүнө өтө катуу таасир этет. Анткени, алар украин жана орус данынын негизги керектөөчүлөрү болуп саналат. Логистикалык жактан да, баалар боюнча да. Демек, дан аз сунушталса, анын баасы өсөт. Өнүккөн өлкөлөр бааны көтөрүп, ошол баага жараша төлөйт да, өздөрүнө керегинче азык-түлүктү сатып ала алат. Ал эми экономикасы эми гана өнүгүп бараткан өлкөлөр сатып ала албайт: баа боюнча алар бай өлкөлөр менен атаандаша албайт.
Ошондуктан бай өлкөлөрдө инфляция жүрүп, дандын баасы көтөрүлөт. Анча бай эмес өлкөлөр дан жана азык-түлүк камдоо жагынан абдан кыйналат. Айрымдары, балким, кайсы бир башка азыктарга өтөт. Бирок кайра эле колу жукалыктан жана логистикасы начар болгондуктан кыйналбай калбайт. Андыктан бул региондордо чоң каатчылык болушу ыктымал.
Кимдин экономикасы оор абалда: Орусия же Украина?
- Орусия согушту баштады, Украина бул жерде, албетте, жабыр тарткан тарап. Орусияга санкция салышат, Украина коргонуп, АКШ менен ЕБдан жардам алып жатат. Азыр кимдин экономикасы оор абалда: Орусияныкыбы же Украинаныкыбы?
- Эки жактын тең экономикасы мурдагы абалда иштей албайт.
Украина азыр, согуш мезгилинде базар экономикасы болбойт, ал аскердик экономикага багытталып өзгөрөт. Бул кандайча жүрөрүн түшүнүү үчүн Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги Улуу Британияны, согушка расмий түрдө киргенге чейинки Америка Кошмо Штаттарын элестетиңиз. Башка өлкөлөрдөн Украинага кайсы бир оор позициялар боюнча урунттуу каражаттар берилет. Негизги маселе каржылоо эмес, өндүрүш эмес, атүгүл жумуш орундары да эмес, эң башкысы логистика – муну зарыл жерлерге жеткирүү маселеси болот. Орусияда башка жагдай. Анда бийликтегилер бул чоң согуш экенин моюндагысы келбейт. Мамлекет элге: “Биз атайын операция жүргүзүп жатабыз”, - деп жатат. Демек, алардын экономикасы иштетилип жатат. Ошондуктан ал аскер рельсине которулбай жатат. Ошондуктан алар экономиканы мурдагыдай эле иштей бергидей кылып колдогонго, жагдайдан чыгуу үчүн макроэкономикалык карайлаган абал менен күрөшкөндөй стандарттуу күрөш жүргүзүүгө аракет кылууда.
Бирок алардыкы да чоң, ачык, соода жүргүзүүчү экономика. Анда деле инфляция болот, адамдар жакырданат. Мисалы, эгин себүү үчүн, кандайдыр бир товарларды өндүрүү үчүн эң зарыл нерселердин импорттолушу кыйындайт.
Орусиянын экономикасынын кайсы бир деңгээлде багыты өзгөрөт. 3-6 ай өткөндө алардын абалы өтө начарлайт. Ошондон кийин Орусиянын экономикасы ыңгайлашып, чектеле берет да, акыры жабык экономикага айланат. Алардын бул жагынан канчалык ийгиликтүү иш жүргүзөрү ар кайсы убактардагы аскердик иш-аракеттерге жараша болот. Эгер аскердик аракеттер улантыла берсе, чындыгында экономиканын төмөндөөсү да токтобойт. Түндүк Кореядагыдай эле болот. Эгер ал кезге чейин согуш тынчыса, алар түшүп жеткен деңгээлде кармалып кала алышат. Анан, балким, акырындык менен калыбына келе баштайт. Бирок буга бир топ жылдар керек – иш эң эле жакшы жүрсө. Орусияда инфляция 20% же андан чоң болот, бирок ал деле каалагандай жагдайда бир нече жылга созулат.
– Киевдеги экономика мектеби Орусия бастырып киргенден кийин Украинанын инфратүзүмүнө келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатканын билем. Менимче, сиздин соңку отчётторуңуздан эстесем, бул көрсөткүч 60 млрд. доллардан ашат. Сизде жаңыртылган маалыматтар барбы?
– Ооба, эң аз дегенде ошончо. Азыр 80 миллиардга жакын, бул көрсөткүч кыйла чоң экендиги барган сайын такталууда. Реалдуу жоготуулар алда канча көп, биздин сандар – инфратүзүм боюнча гана. Жалпы экономика боюнча биздин эсеп 100 миллиардга чаап барат. Бирок кайра эле бул эң кем дегендеги көрсөткүч.
Методология мындай: бул фотографиялар менен документтештирилген, геолокацияланган нерселер. Бирок чыгашанын эбегейсиз чоң бөлүгү же тастыкталбаган, же расмий түрдө таризделбеген. Ошондуктан биз бул зыянды башка усулдар менен да эсептейбиз. Демек, жоготууларын жалпы саны 300дөн 700 миллиард долларга чейин болушу мүмкүн.
Абдан жөнөкөй эсептеп көрөлү. Орусия чыгышка, Луганск жана Донецк облустарына бастырып киргенде, анда эсеп кыйла олуттуу жүргүзүлгөн эле. Жоготуулар 70 миллиондон 250 миллион долларга чейин деп бааланган болчу. Азыртан эле көрүнүп тургандай, бул жолку жоготуулар 8 жыл мурун чыгышта болгондогудан бир нече эселенген түрдө чоң. Ошондуктан бул санды – 100 миллиардды – 5-7 эсе көбөйтүңүз. Менимче, бул реалдуу санга туура келет.
Бирок чындыгында экономиканы калыбына келтирүү үчүн канча акча талап кылынары көп нерселерден көз каранды болот. кимдер курат, кандай баада, бул канчалык эффективдүү болот? Эң эле жөнөкөй нерселерди алып карайлы: эгер, мисалы, польшалык же украин компаниясы киришсе, баа бир башка болот. Эгер немис же америкалык фирмалар курса, баасы 2-3 эсе, атүгүл 5 эсе кымбат болушу ыктымал. Ошондуктан калыбына келтирүү иштерине 500 миллиард эмес, 300 миллиард доллар сарпталышы мүмкүн. Азырынча белгисиз, көрө жатабыз. Согуш токтой элек эмеспи.