Бүгүн, 22-ноябрда "Ош" аба майданында коюу туманга байланыштуу аба каттамдары кармалууда. Бул тууралуу "Манас” аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, аэропортто Ош-Стамбул, Ош-Екатеринбург, Ош-Домодедово, Ош-Шереметьево, Ош-Жуковский, Ош- Внуково, Ош- Эль-Кувейт, Ош-Жидда жана Ош-Бишкек каттамдары кармалууда.
Ошондой эле Бишкек-Ош каттамы кечиккендиктен "Асман Эйрлайнс" компаниясынын Таласка каттамы кармалып жатат.
Синоптиктер 22-ноябрда өлкөнун айрым аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаарын, айрым жерлерде туман түшөрүн билдирген.
Аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар болот. (MKt)
Шерине