Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:50

Жо Байден Украинанын карызынын бир бөлүгүн кечүүнү көздөөдө


Жо Байден
Жо Байден

АКШ президенти Жо Байден Украинанын Америкага 4,6 миллиард доллар карызын кечүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Байдендин администрациясынын Конгресске жазган катында айтылганын Bloomberg агенттиги жазды.

Бул сумма быйыл жазында Конгресс Украинага 60 млрд долларлык жардамдын алкагында бөлүп берген 9 млрд доллардын жарымын түзөт. Карыздын бир бөлүгүн кечүү "Украинага жеңишке жетүүгө жардам берет, бул АКШнын улуттук кызыкчылыктарына, ошондой эле Европа Биримдигиндеги, G7 жана НАТОдогу өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарына ылайык келет", - деп жазылган катта.

Быйыл апрель айында бул каражат республикачыл мыйзам чыгаруучулардын демилгеси менен насыя катары бөлүнгөн, бул идеяны башында Дональд Трамп сунуштаган. Карызды кечүү мүмкүнчүлүгү Конгресстин чечими менен каралган.

Блумбергдин маалыматы боюнча, президент Байдендин бул чечими акыркы убакта кабыл алынган бир катар чечимдердин бири. Анын негизги максаты – президенттик мөөнөтүнүн калган эки айында Киевге мүмкүн болушунча көбүрөөк жардам берүү.

Шаршемби күнү Украинага 275 миллион долларлык жаңы аскердик жардам пакети бөлүнгөнү жарыяланды. Бул пакеттин алкагында Киевге жөө аскерлерге каршы миналар берилет. Байдендин администрациясы Конгресстин чечими менен Украинага бөлүнгөн каражаттарды жана курал-жарактарды президент Жо Байден Ак Үйдөн кеткенге чейин толугу менен жеткирүүгө аракет кылууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG