Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:56

WSJ: Түндүк Кореянын армия генералы Курскиде жарадар болду


Түндүк Кореянын аскерлери парадда. (архив)
Түндүк Кореянын аскерлери парадда. (архив)

Курск облусунда украин куралдуу күчөрүнө каршы согушуп жаткан орус аскерлеринин курамында Түндүк Кореянын жоокерлери жана офицерлери да бар экени кабарланды.

Маалыматты алгач The Wall Street Journal жазды. Батыштын расмий өкүлдөрү түндүк кореялык жогорку чиндеги офицер Украинанын Куралдуу күчтөрүнө каршы согушта жарадар болгонун ырасташты.

Бир күн мурда аталган журнал Курс облусунда түндүк кореялык аскерлерди өлкөнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары генерал Ким Ён Бок жетектеп жатканын жазган. Маалыматка ылайык, генерал аскерлерин Орусиянын армиясына көндүрүп, согушуунун жаңы усулдарын жана ыкмаларын үйрөтүүгө тийиш болгон.

The Wall Street Journal жазгандай, Ким Ён Бок мурда Түндүк Кореянын атайын багыттагы күчтөрүн жетектеп, көпчүлүккө белгисиз болчу. Анын аты Орусия менен Түндүк Кореянын мамилеси күч алган, быйыл июнда стратегиялык кызматташтык келишими кол коюлгандан тартып, тааныла баштады. Ошондон бери генерал расмий иш-чараларда өлкөнүн лидери Ким Чен Ын менен чогуу чыга баштаган.


Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига мурдараак Түндүк Корея Орусиядан жоокерлеринин ордуна технология алууну көздөйт деп билдирген.

Чалгын кызматы маалымдашынча, Орусияда Түндүк Кореянын бир нече миң жоокери жайгашкан. Пентагон алардын саны 11 миңге жетерин билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG