Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Кыргызстан Орусия менен Украинаны сүйлөшүүгө чакырды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты. Архив.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты. Архив.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты.

"Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Орусия жана Украина менен болгон тарыхый достук мамилелерибизге таянып, тараптар чыр-чатакты жөнгө салуунун жаңы форматтарын жана механизмдерин түзүү аркылуу сүйлөшүүлөр үстөлүндө тез арада тынчтыкка жетишет деп ишенебиз".

Билдирүүдө Кыргызстан тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү үчүн тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоого багытталган ар кандай сунуштарды жана демилгелерди кубаттары айтылган.

Андан тышкары бардык тараптарды жарандардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугун, алардын чыр-чатак болгон аймактан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга чакырган.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскерин жок кылганын маалымдады. Москва муну ырастай элек.

XS
SM
MD
LG