Кыргызстандын негизги мамлекеттик телерадиоканалынын макамын, башкаруусун жана курамын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан долбоорду жактыруу тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-февралда кол койгону белгилүү болду.
Мыйзам долбоору "телеканалды башкаруу маселелерин жөнгө салууга жана маалымат мейкиндигин өнүктүрүү үчүн шарт түзүүгө, улуттук телерадиону жакшыртууга багытталганы" белгиленди.
Мыйзам кабыл алынса мекеменин буга чейинки ишин жөнгө салып келе жаткан 2011-жылдын 21-декабрында кабыл алынган “Коомдук телерадио корпорациясы жөнүндө” мыйзам күчүн жоготот.
Мекеме "коомдук" деген макамдан ажыратылып, "улуттук" деген макамга ээ болот.
Буга чейин корпорацияны башкаруунун жогорку органы 15 адамдан турган Байкоочу кеңеш болуп, ал башкы директорду добуш берүү жолу менен төрт жылдык мөөнөткө шайлап келген болсо, эми башкы директорду дайындоо жана иштен алуу укугу өлкө президентинде болот.
Корпорациянын кеңешүүчү органы 9 адамдан турган коллегия болот. Курамына башкы директор жана анын орун басарлары кирет. Коллегиянын башка мүчөлөрүн башкы директор корпорациянын кызматкерлеринин арасынан дайындайт.
Азыркы мыйзам боюнча башкы директор Байкоочу кеңеш алдында гана жооптуу, ага отчетун берип турат. Жаңы мыйзам кабыл алынса жыл сайын отчетун президентке тапшырып турат.
Корпорациянын курамы боюнча жаңы норма кирип, облустук мамлекеттик телерадиокомпанияларды да кошуу сунушталууда.
Мекеменин ишин уюштуруу боюнча башка нормалар жалпысынан мурдагыдай бойдон эле калды.
2020-жылдын 12-ноябрында маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Садыр Жапаров КТРКнын Байкоочу кеңеши алдына койгон максат-милдеттерди аткара албай жатканын айткан.
2021-жылдын октябрь айында Кыргызстандын медиа коомчулук өкүлдөрү телерадиокорпорация жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, аны кайра артка чакыртып алууга үндөшкөн. Алар эгер бул мыйзам кабыл алына турган болсо демократиялык принциптер бузуларын айтып чыгышкан жана КТРК иш жүзүндө коомдук телеканал боло албай жатышынын негизги себеби “телеканалдын редакциялык саясатына кийлигишүүсүн уланта берген” өлкө жетекчилигинин “саясий эркинин жоктугун” аташкан. Ошондой эле анын көз каранды эмес ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн ишине саясий жактан аралашпоо, каржы маселелерин тийиштүү деңгээлде чечип берүү зарылдыгын белгилешкен.
КТРК коомдук деген макамга 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ээ болгон. (RK)