Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери 6-сентябрда Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну, сегиз баланын атасы Кубанычбек Акматовду кармап кеткен. Кармоо учурунда Кыргызстандын жаранынан болжол менен 100 кг. альп ферула чөбү табылганы айтылган.
Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы билдиргендей, Кубанычбек Акматов дары чөптөрдү чогултуп Үч-Дөбө айылы тарапка барган. Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери аны транзиттик жолдо кармап кетип, тажик жарандарына мыйзамсыз чөп сатууга аракет кылган деген айып койгон.
Кубанычбектин атасы 72 жаштагы Абдилахат Акматов уулу менен телефондон сүйлөшкөнүн, тергөөгө зарыл кагаздарды Тажикстанга жеткиртип бергенин айтууда. Учурда баласы Тажикстандын Кожент шаарында үй камагында кармалып турганын айтып жатат.
"Мен уулум менен сүйлөштүм. Керектүү кагаздарды сураткан экен, баарын жеткиртип бердим. Кийимдерин да өзүм тажик милициясына жеткирип бердим. Эч кандай уруп-согуу, ыдык көрсөтүү болгон жок деп айтышты. Эми буюрса жакын арада чыгам деп айтты. Эми ушундай иш болуп калды. Кыргызстандан да күч кызматтары, жергиликтүү бийлик тараптан да аркет кылып жатышат".
Бул окуя боюнча эки өлкөнүн облустук ички иштер башкармалыктарынын башчылары сүйлөштү. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда Кубанычбек Акматовду мекенине кайтаруу маселеси каралат деп маалымдалган.
Тажик тарап кармалган кыргызстандык жаран Дүйшөмбү шаарында экенин айтса, анын атасы Кожент шаарында үй камагында деп ырастайт.
Баткен районуну акими Учкунбек Жоробаев расмий кайсыл берене менен иш козголгонун, кандай шартта тергөө жүрүп жатканы боюнча тажикстандык кесиптештеринен маалыматты тактап жатышканын айтты.
"Биз бул боюнча аракет кылып жатабыз. Облустук күч кызматтары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Райондук деңгээлде да сүйлөштүк. Азырынча кайсыл аймактан кайсыл шартта кармалды, кайсыл берене менен иш козголду дегендей. Чек ара каттамдар үчүн жабык негизи. Тактоо иштери менен эле кайтарып алуу маселелери да каралып жатат".
Чек арада кармалгандар
Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Тажикстан тараптан болсо чек арада каттамдар жабылганы айтылган эмес. Ошого карабай Тажикстандын күч кызматтары буга чейин төрт кыргызстандыкты чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген кине менен кармап, бир кыргызстандык жаранды беш жылга эркинен ажыратканы белгилүү болгон.
Калган кыргызстандык жарандардын соту боюнча маалымат ачык айтылбай жатат. Чек арада жашаган Абдилахат Акматов эки тараптан нараазылыктар жаралбашы үчүн чек араны тактоо иштери тездесе болот эле дейт.
"Мендеги маалымат боюнча уулумду тажик тарап чек арадан кармаган. Балким, 30-40 метр чек ардан тажик тарапта болушу мүмкүн. Чек ара так эмес да, кантип айтабыз кимдин аймагы экенин. Эми минтип тескери караша бербей мамиле кылыш керек. Өз учурунда Аскар Акаев ушул чек араны тактоого мезгили келип турганда жасабай эми минтип элге кыйын болуп жатат. Чек араны тактап берсе, мамилебизди оңдоп жашай бермекпиз".
Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай чектешсе, анын дээрлик элүү пайыздан ашыгы такталбаган шарттуу чек ара боюнча турат.
Чек аралар так эместигинен чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип, эки өлкө жарандары бири-биринин аймагында кармалган учурлар көп болот. Акыркы жылдары Кыргызстан да Тажикстан да чек арагы мыйзамсыз кесип өткөн жарандар үчүн жаза-чараларды катаалдаштырып койду.
Жазында эки өлкө ортосундагы куралдуу жаңжалдан кийин чек ара маселелси өтө опурталдуу болуп калды. Эксперттер чек ара аныкталып, такталбаса чыр-чатактарды токтотуу кыйын экенин белгилейт.
28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган.
Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий жарыяланган. Эки мамлекетте тең бул жаңжалга байланыштуу кылмыш иши козголгон.
Соңку ирет Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк делегациялары августтун аягында жолукту. Анын жыйынтыгында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тийиштүү протоколго кол коюлганын Кыргызстандын Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев ырастаган.
"Чек араны тактоодо эки тарап орток пикирге келип, жылыштар болду",- деген эле ал.
Май айынан бери эки тараптуу комиссия кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек тилкесинин 40 чакырымы боюнча тараптар орток пикирге келип, документке кол коюлганы маалымдалган.