АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги тажик-ооган-өзбек чек арасын бойлоп кеткен тилкелерге жаңы чек-ара курулуштарын куруу долбоору башталганын жарыялады. Тажик өкмөтү Орусия баш болгон ЖККУдан колдоо сураган. Бирок талдоочулар ЖККУ аскердик машыгуу өткөрүү менен гана чектелип турганын белгилешти.
Жаңы чек ара бекеттери курулат
АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги тажик-ооган-өзбек чек ара тилкесин караган Айваждагы чек ара отряды үчүн жаңы объектилердин курулуш долбооруна киришти. Элчилик 2022-жылдын башында курулуштардын пайдубалын куюуну мерчемдейт.
Анын билдирүүсүндө жаңы чек ара бөлүгү Шаартуздагы эски объектинин ордуна курулуп, Ооганстан тараптан коркунуч жаралган учурда чек ара аскерлерин танапташ тилкелерге ыкчам жайгаштырууга шарт түзөт", - деп жазылган.
Аталган чек ара бекеттеринде чек арачылар жана үй-бүлө мүчөлөрү турат. "Бул долбоор Борбор Азиянын коопсуздугун чыңдоо ынтызарлыгыбыздын дагы бир мисалы", - деди АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Поммершайм.
Долбоор Дүйшөмбү жана Ташкенттин Вашингтон менен макулдашуусунун алкагында ишке ашты.
«Биздин алдыбызда маанилүү маселелер боюнча бир катар чоң иштерди жасаш керек болуп турат. Ал маселелер коопсуздук болобу, экономика болобу же демократия маселеси болобу, алардын баары биздин өлкөлөрдү бириктире турган маселелер. Мен үчүн командаңыз менен бул жакка келгениңиз абдан жагымдуу. Министрдин жолугушуу программасы АКШнын коргоо министри баш болгон администрациядагы бир топ кесиптештерге жык толгон. Мен бүгүн аткара турган иштер аябай майнаптуу болот деген үмүттөмүн», - деген 1-июлда Вашингтондо башкы тажик дипломаты менен жолугушуудан соң АКШ мамкатчысы Энтони Блинкен.
"Ишенимдүү өнөктөш сөзүнө турду"
Блинкен быйыл жайында 1-июлда Вашингтондо Өзбекстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери менен жолуккан. Бул жолугушуу талибдер Ооганстандын улам бир районун басып алып жаткан учурда болгон.
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Ооганстандан коркунуч келип турган шартта чөлкөмдөгү чек ара коопсуздугун чыңдоодо АКШны ишенимдүү өнөктөш деп атаган:
«Эң эле маанилүү маселе - Ооганстан. Биздин ишенимдүү өнөктөш болгон АКШ менен чөлкөмдөгү мыйзамсыз маңзат соодасына, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү маселесин талкуулайбыз. Эмдиги жылы биздин дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилейбиз. Биз эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн мүмкүн болгон нерсенин бардыгын жасайбыз», - деген Сражиддин Мухиддин.
АКШ Тажикстанга чек араны чыңдоого буга чейин 300 миллион доллардан ашуун жардам көрсөтүп, 12 чек ара бекетин, 9 өткөрмө жайын жана 3 окуу-машыгуу борборун курган.
Өзбекстан менен кызматташтык
АКШ менен Евробиримдик Өзбекстанга да чек ара коопсуздугун чыңдоого жардам берип келди. Ооганстандагы кырдаал курчуган жагдайда Борбор Азиядагы өкмөттөр андагы окуялардын курчуп, чөлкөмгө өтүп кетишинен кооптонуп турганы белгилүү. Ошондой эле, Ооганстандагы талибдерден качкан түмөндөгөн качкындардын агымы да чөлкөмдү чочутуп турган учур.
«Биздин бул иш сапардын күн тартиби аябай кеңири. Биз азыркы жана болочок мамилелердин абалы тууралуу пикир алмашып, дүйнөдөгү өзгөрүүлөр менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалга көңүл бурабыз. Анын ичинде Ооганстандагы кырдаал дагы бар. Бизде бул маселе боюнча дагы сүйлөшө турган сөздөр көп», - деди Вашингтондо быйыл жайында америкалык расмийлер менен жолугушуудан кийин Өзбекстандын башкы дипломаты Абдулазиз Камилов.
"ЖККУ жардам көрсөтө элек"
Буга чейин расмий Москва Ооганстан жактан кандай гана коркунуч жаралбасын, Борбор Азиядагы өнөктөштөрүн коргоого жана аскердик-техникалык жактан колдоого убада кылган. Ошол эле кезде Орусиянын Тажикстанда жана Кыргызстанда аскердик базалары бар.
Коопсуздук боюнча эксперт Эдил Осмонбетов Орусия баштаган ЖККУ куру убадаларды гана берип, машыгууларды өткөрүү менен чектелип турганын айтты:
«АКШ Ооганстандан чыгып кетери менен андагы абал кайрадан эле татаал бойдон кала берүүдө. Анын албетте, Борбор Азия чөлкөмүнө терс таасири болбой койбойт. Террордук коркунуч, маңзат соодасы жана диний радикализм күчөсө, ал коркунучтарды токтотуу үчүн чек аралар бекем болушу шарт. Ага өтө чоң акча керек. Ал эми чөлкөмдөгү коопсуздук тууралуу сөз кылган ЖККУ жана ШКУ сыяктуу уюмдар азырынча кырдаалга байкоо салып гана турушат. Анан аскердик машыгууларын өткөзүүдө. Башка, кандайдыр бир сезилерлик колдоо жүрүп жатканы байкала элек. Мисалы, чек ара коопсуздугун чыңдоо үчүн аскердик-техникалык, материалдык жана курал-жарак жагынан чөлкөмдөгү мамлекеттерге жардам бериле элек. Анан калса бул уюмдар Орусия менен Кытайдын геосаясий долбоору болгондуктан, алардын геосаясий кызыкчылыгы козголгондо гана иштейт. Ошондуктан коркунучтардын алдын алуу үчүн Борбор Азия чөлкөмү өзүнүн жамааттык коопсуздугун өз алдынча камсыздоого белсенгени оң», - деди эксперт Эдил Осмонбетов.
Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы 1357 чакырымга созулат. Түркмөн-ооган чек арасынын жалпы узундугу 800 чакырым. Ал эми өзбек-ооган чек арасы 137 чакырымды түзөт.