Лейлектеги Максат айылында 84 үй-бүлө жаңы тамга көчүп киришти. Ал эми Баткен районундагы 40 үйдүн курулушу аяктай элек. Жазындагы кандуу жаңжалды көргөн тургундар бийликтен чек ара маселесин кечиктирбей чечип, коопсуздукту камсыздап берүүнү суранууда.
Мындан тышкары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон кыргызстандыктардын жакындары үчүн Баткендин Чет-Булак конушуна 36 жаңы турак жай курулду. Учурда Баткенде жүргөн президент Садыр Жапаров 28-августта эл менен жолугуп, үйлөрдүн ачкычы эки жума ичинде ээсине тапшыла турганын билдиргени маалым болду.
Лейлектеги убада
Кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда үй-жайы күйүп кеткен Максаттын тургундарына ачкычты 27-августта президент Садыр Жапаров өзү тапшырды.
"Мекен үчүн жан берген атуулдарыбыздын үй-бүлөсүнө аз да болсо жардам көрсөтүүнү колго алып отурабыз. Жабыркаган үйлөрдүн ордуна заманбап шарттары менен турак жайлар курулду. Бир топ социалдык көйгөйлөр четинен чечилип жатат. Таза суу, жол, ФАП, мектеп, бала бакча жана башка элеттиктер үчүн эң керектүү шарттар менен камсыз кылууга аракет көрүп жатабыз", - деди Садыр Жапаров.
Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткендеги кандуу кагылышта талкаланып, күйүп кеткен үйлөр түрк өкмөтүнүн эсебинен калыбына келтирилген. Жапаров эл менен жолугушууда Түркия мамлекетине ыраазычылык билдирди.
Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысы Максат айылындагы милиция бекетин, фельдшердик-акушердик пунктту, футбол талаасын, ошондой эле жаңы оңдолгон мектепти көрүп чыкканын маалымдады.
Ошондой эле айыл таза суу менен камсыздалып, 11 чакырым тилкеде асфальт төшөлгөн, көчөгө жарык берүүчү мамылар орнотулган, бала бакча курулуп жатат.
Максат айылынын мурдагы башчысы Сапарали Адинаев “Азаттыкка” жолугушуу тууралуу мындай деди.
"Максатта өзгөрүү болду. Кичи шаарга айлангандай болуп калды. Президент үй-жайы өрттөнгөндөрдүн ар бири 100 миң сомдон алат деп айтты. Бизге акчаны дароо эле беришти. Үйүңөргө керектүү оокат-кече, эмерек аласыңар дешти. Биз баягы эле чек араны тактоо ишин тездетүүнү сурандык. Чек ара такталса эле болду. Бирок Садыр Жапаров жолугушууда чек ара тууралуу көп сүйлөгөн жок".
Кыргыз-тажик чек арасына жакын айылдардын айрым тургундары жаңжалдан кийин жер которуп кетүү ниетин билдирген. Ошол эле маалда бардык кыйынчылыкка кайыл болуп, туулган жеринен эч жакка кетпей турганын айткандар да бар. Алардын бири - Рахманберди Рахманбердиев:
"Максатта элдин пикири бир кылка эмес. Мисалы, мен ушул жерде туулуп- өскөм. Менин жерим, келечегимди ушул жерден көрөм. Кээ бирөөлөр чоочуп калган экен. Көчүп кетүү тууралуу ойлонгондор да бар. Президент баары жакшы жагына чечилерине убада берди".
Чек ара жаңжалында Кыргызстан тараптан 140тай турак жай толугу менен талкаланган. Анын 40тайы Баткен районунда. Президент Садыр Жапаров бул үйлөрдүн курулушу сентябрдын орто ченинде бүтө турганын убада кылды.
Жолугушууда Садыр Жапаров кыргыз армиясында өлкөнү коргоо жөндөмүн жогорулатуу боюнча реформа жүрүп жатканын айткан. Мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун коргой турганын белгилеген.
"Биз тынчтыкта жашашыбыз керек. Согуш эч кимге жакшылык алып келбейт. Биз аны жакшы билебиз. Кошуна мамлекеттер да жакшы билет. Түбөлүк кошунабыз. Алар да, биз да башка жакка көчүп кете албайбыз. Ынтымакта, биримдикте кошуналык мамилени бузбай жашашыбыз керек".
Анткен менен Максат айылына барган журналист Тургунбай Алдакулов жолугушууда эл бийликке арыз-арманын айта албай калганын байкаган.
"Эгемендүүлүк майрамынын алдында элге дем берүүгө аракет кылды. Жакшы сөздөрдү сүйлөдү. Армия бар, коопсуздукту камсыздап беребиз, коркпой жашай бергиле дегендей. Бирок, эл менен баарлашуу үчүн аянтча түзүлбөдү. Эл ичиндеги бугун айта албай калганы сезилип турду".
Баткен облусунда жумушчу сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаров “Раззаков” жаңы көмөкчү чордонун ишке киргизүү аземине да катышты. Президенттик администрациянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта Жапаров бул ири долбоорлор кошуна мамлекеттерден энергетикалык жактан көз карандысыз болууга мүмкүндүк бере турганына токтолгон.
“Баткен облусу коңшу мамлекеттердин энергетикалык системасы аркылуу электр энергиясы менен камсыздалып келгендиги белгилүү. Мындан улам, тилекке каршы, элдин жашоосунда кыйынчылыктар жаралып келген эле. Эми ал кыйынчылыктардын баары артта калды. Облустун энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн бекемделишине да чоң салым болду”, - деди Жапаров.
Президенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, энергетикалык жаңы инфраструктуранын ишке киргизилиши Лейлек районундагы Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртат.
“Раззаков” көмөкчү чордонунан башка узундугу 51 чакырымды түзгөн “Раззаков-Арка” электр кубатын берүү линиясы ишке киргизилди. Ошондой эле “Арка” подстанциясын реконструкциялоо иштери да аяктады. Кыргыз өкмөтүнө бул долбоорду ишке ашырууга Ислам өнүктүрүү банкы колдоо көргөзгөн.