Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Ирандын кемеси Кызыл деңизде минадан зыянга учурады


Йемендин кемеказыгында көптөн бери токтоп турган Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу пайдаланчу кеме Кызыл Деңизде жабыркады.

Сакчылар корпусу менен байланышы бар Tasnim агенттиги 6-апрелдин кечинде кеме минага урунганын кабарлады. Анда кеме Ирандын соода кемелерин деңиз каракчылыгынан коргоп, коштоп жүрүү үчүн жиберилип, бир топ жылдан бери Кызыл деңизде турганы айтылды.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү бул маалыматты ырастап, соңку окуяны “чабуул” деп атады:

Жибуттинин жээгинде шейшемби күнү эрте менен жарылуу болду. Андан кеме бир аз зыянга учурады. Бирок жоготуу болгон жок. Бул кеме чөлкөмдө каракчылыктан коргоого коюлган жарандык кеме” – деди Саид Хатибзаде. Ал бул иш иликтене турганын кошумчалады.

Буга чейин Саудиянын Al Arabiya телеканалы Эритреинин жээгинде Сакчылар корпусуна караштуу кемеге чабуул жасалганын билдирген. Тегеран буга байланыштуу дароо үн каткан эмес. Бирок көп өтпөй Ирандагы телеканалы бейрасмий булактарга таягнып кабарлады. Буга жүк ташыган кемелерге жасалган чабуулдан улам Тель-Авив менен Тегеран бири-бирине доомат артып келген эле.

XS
SM
MD
LG