Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:52

Беларуста нааразылык акциясын түз көрсөткөн журналисттер соттолду


“Белсат” каналынын журналисттери Екатерина Андреева жана Дарья Чульцова cот залында
“Белсат” каналынын журналисттери Екатерина Андреева жана Дарья Чульцова cот залында

Минскинин соту нааразылык акциясын түз эфирде көрсөткөн “Белсат” каналынын журналисттери Екатерина Андреева менен Дарья Чульцованы эки жылга кести. Соттун өкүмү үч күнгө созулган соттук жараяндан кийин 18-февралда жарыяланды.

“Белсаттын” журналисттери былтыр 15-ноябрда оппозициянын нааразылык акциясы учурунда кармалган. Алар ошол маалда күч органдарынын токмогунан каза тапкан болушу ыктымал экени айтылган 31 жаштагы Роман Бондаренкону эскерген иш-чараны чагылдырып жүрүшкөн.

Екатерина Андреева менен Дарья Чульцовага “коомдук тартипти бузууга багытталган калайман иш-чараларды уюштуруу” беренеси боюнча айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, журналисттер нааразылык акциясын уюштуруп, ага көп адамдардын катышуусуна шарт түзгөн. Бул болсо Минскидеги коомдук транспорттун кыймылына тоскоолдук жараткан.

Андреева менен Чульцова күнөөнү моюнуна алган эмес. Экспертиза түз эфир учурунда алардын акцияга катышууга чакырык таштаганын аныктай алган эмес. Буга кошумча дал ошол күнү Минскиде мобилдик интернет иштебей калып, журналисттердин түз эфири көрүнбөй калган.

Беларустагы укук коргоочулар “Белсаттын” журналисттерин саясий туткун деп аташкан.

“Чек арасыз журналисттер” уюмунун акыркы доклады боюнча Беларус Европадагы журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөгө айланды. Буга чейин бийлик журналисттердин аккредитациясын жокко чыгарып келсе, соңку мезгилде көз карандысыз маалымат каражаттарынын өкүлдөрү камалып, ар кыл басымдарга туш болуп келет.

Былтыр августтагы президенттик шайлоодо Лукашенконун жеңгени жарыяланганы менен оппозиция добуш берүүнүн бурмаланганын айтып, аны тааныган эмес. Ошондон бери нааразылык акциялары уланууда.

Анын катышуучуларына бийлик күч колдонуп, аёосуз таркатып, куугунтуктап келет. Оппозиция өкүлдөрүнүн бир бөлүгү камалса, башкалары чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG