Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

ЕБ Москвадагы дипломаттарына "Sputnik V" вакцинасы менен эмделүүгө уруксат берди


Европа Биримдиги Москвадагы дипломаттарына коронавируска каршы Орусия өндүргөн "Sputnik V" вакцинасы менен эмдөөдөн өтүүгө уруксат берди. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна келип түшкөн расмий катта айтылат. Ага ылайык, учурда Еврошаркеттин расмий түрдө уруксат бере элек вакцинаны каалаган дипломаттар сайдырса болот. Аталган катта ЕБдин жетекчилери Орусиядагы дипломаттарга орус вакцинасын алса каршылыгы жок экени баяндалган.

“Эркин Европа/Азаттыктын” Москвадагы булактары Орусиянын бийлик өкүлдөрү чет элдик дипломаттарга ар бир жолугушууда "Sputnik V" вакцинасын сайдырууну сунуш кылганын кабарлады.

Учурда Европанын Дары-дармек агенттиги коронавируска каршы "BioNTech", "Moderna" жана "AstraZeneca" вакциналары каттоодон өткөн.

XS
SM
MD
LG