Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Бишкекте парламенттин таркашын талап кылган акция өттү


Бишкек, Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имараты.
Бишкек, Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имараты.

27-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында парламенттин VI чакырылышын таркатууну талап кылган пикет өттү.

Анын катышуучулары «Жоголчу, кеңеш!», «Чимкириктер кетсин!», «Парламент тарасын» деген жазууларды кармап турушту.

Чакан топтун катышуусундагы акцияны уюштурган жарандык активист Мирлан Орозбаев «азыркы Жогорку Кеңештин конституциялык реформа жасаганга укугу жок» деп билдирди:

«Бийлик булардын колу менен Конституцияны же мыйзамдарды кабыл алдырып алайын деши ыктымал. Биз күтүп турабыз, ушунча күттүк, дагы үч ай чыдайбыз. Садыр Нургожоевич Жапаров жаңы жүздөрдү, акчага сатылбаган жаштарды алып келип, ошолор менен Баш мыйзамды кабыл алышын каалайбыз».

Акциянын катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаттар тобу сунуш кылган Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жокко чыгарып, элдик курултайдын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү талап кылышты. (BCh)

XS
SM
MD
LG