Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Коронавирустан үч адам каза болду, оору 107 кишиге жукту


Коронавируска тест тапшырып жаткан адам.
Коронавируска тест тапшырып жаткан адам.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 27-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан үч киши каза болуп, оору 107 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1405 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 175 адамга жетти.

Стационарда 607 бейтап дарыланууда, алардын ичинен алты адам канааттандырарлык абалда, 366 адам орто, 210 киши оор, 25 адам өзгөчө оор абалда жатат. Ал эми үйүнөн 900 бейтап дарыланып жатат.

26-январда медициналык кызматкерге коронавирус жуккан учур катталган жок.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4168 киши, алардын ичинен 4080и айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. (BCh)

XS
SM
MD
LG