Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Германия Навальный менен өткөрүлгөн интервьюларды Орусияга тапшырды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

16-январда Германиянын бийлик өкүлдөрү орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный менен өткөрүлгөн интервьюлардын стенограммасын Орусияга жөнөтүп, Москвадан анын ууланышына байланыштуу жагдайды толук тергөө кылууну талап кылды.

Бир канча айдан бери Берлинде дарыланып жүргөн Алексей Навальный 17-январда Москвага «Победа» учагы менен кайтып келерин билдирген. Ал 2020-жылдын августунда уулануу белгилери менен Омскиде ооруканага жаткырылган соң медициналык учак менен Германияга жөнөтүлгөн.

Эл аралык коомчулук жана Навальный аны ууландырууда Кремлдин колу бар деп эсептейт. Москва муну четке каккан.

Навальный Орусиянын Жаза өтөө федералдык кызматынан Москвага кайтканда камакка алынары тууралуу эскертүү алганына карабай, мекенине келүүнү чечкен.

Декабрда Жаза өтөө федералдык кызматы аны Германиядан тезинен артка кайтууну талап кылган. Аталган мекеме 2014-жылы ага чыгарылган шарттуу камак жазасынын шарттарын бузган деп айыптоодо. Соттун документтерине ылайык, Навальный 3,5 жылга камалышы ыктымал. Ошол эле кезде Орусияда оппозиционерге карата жаңы кылмыш иштери ачылды. 29-декабрда Тергөө комитети саясатчыга өзгөчө ири суммада көз боёмочулук кылган деген шек менен кылмыш ишин козгогон.

Тектеш

XS
SM
MD
LG