Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:35

Путин Навальныйдын ууланышы боюнча алгачкы жолу үн катты


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин «Валдай» форумунда сүйлөп жатып, Алексей Навальныйдын ууланышы боюнча алгачкы жолу үн катты. Ал мурдагыдай эле саясатчынын атын айтпай, «жаран» жана «фигурант» деп атады.

Путиндин пикиринде, эгер бийлик Навальныйды ууландыргысы келсе, Германияга дарылоого жибермек эмес. Президент тескерисинче оппозиционерди чет өлкөгө тезирээк чыгаруу мүмкүнчүлүгүн текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айтты.

«Бул жарандын аялы мага кайрылары менен мен прокуратурага тапшырма бергем. Чыгарбай койсок деле болмок, анткени ал сот жана кылмыш иштерине байланыштуу өлкөдөн чыга албайт болчу», - деген Путиндин сөзүн «Дождь» телеканалы жазды.

Орусиялык оппозиционер, президент Путиндин элдешкис оппоненти Алексей Навальный август айында Томскиде ууланган. Учурда Германияда дарыланып жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча Навальный «Новичок» деп аталган зат менен ууланган. Ал өзүнүн ууланышынын артында президент Путин турат деп эсептейт.

Бирок расмий Москва мунун баарын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG