Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:40

Берлин: Навальныйдын ууланганын дагы эки эркин лаборатория ырастады


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Германиянын өтүнүчүнөн улам Франция менен Швейциядагы эки эркин лаборатория орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын анализин текшерди. Анда немис адистеринин Навальныйдын ууланганы тууралуу корутундусу бышыкталды.

Немис өкмөтү тараткан билдирүүдө «ушул кезге карата үч лаборатория Навальный «Новичок» тобуна кирген, нервди шал кыла турган зат менен ууланганы тууралуу өз-өзүнчө корутунду чыгарды» деп айтылат. Ошондой эле Навальныйдын анализдери Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун экперттерине да жөнөтүлгөнү, алардын лабораториясында да текшерилери белгиленген.

«Биз Орусиядан эмне болгону тууралуу түшүндүрмө беришин дагы талап кылабыз, биз европалык өнөктөштөр тыгыз байланышта болуп жатабыз жана алар менен мындан аркы кадамдарды талкуулап жатабыз», деп жазылган билдирүүдө.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

Берлин Кремлди сындап келген саясатчы анын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган.

XS
SM
MD
LG