Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:31

Берлин: Навальный «ууланган болушу мүмкүн»


Немис полициясы Кремлди көптөн бери сындап келген Алексей Навальный жаткан Берлиндеги оорукананы кайтарууда.
Немис полициясы Кремлди көптөн бери сындап келген Алексей Навальный жаткан Берлиндеги оорукананы кайтарууда.

Германия өкмөтү Кремлди сындап келген Алексей Навальный Орусияда «ууланган сыяктанат» деп билдирип, ал Берлин ооруканасында дарыланып жаткан маалда жеке коргоого муктаж экенин кошумчалады.

«Биз ууландырылган болушу мүмкүн деп шек жаратып жаткан бейтап менен иш алып баруудабыз. Аны кимдир-бирөө олуттуу ууландырышы мүмкүн. Тилекке каршы, Орусиянын жаңы тарыхында мындай бир нече мисал бар. Дүйнө бул окуяга олуттуу карайт», - деди канцлер Ангела Меркелдин басма сөз катчысы Штеффен Зайберт.

Навальный Германияга 22-августта жеткирилген. Анын тарапташтары саясатчы ууландырылган болушу мүмкүн деп эсептешет.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, эстен танып жыгылган. Учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон.

Ал учакка отурар алдында Богашево аэропортундагы кафеден чай ичкен. Саясатчынын тарапкерлери «Навальный дал ушул жерден чайга бир нерсе кошуп ууландырылышы мүмкүн» деп шектенип жатышат.

Омскидеги дарыгерлер Навальныйдын негизги диагнозу – «зат алмашуунун бузулушу» деп сыпаттап, «бул балким учакта отурганда канындагы канты кескин азайып кетишинен болушу мүмкүн» деп билдирген.

XS
SM
MD
LG