Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Тажикстан Сириядагы жарандарын кайтаргысы келет


«Аль-Хол» лагери.
«Аль-Хол» лагери.

Тажикстандын Ирак менен Кувейттеги элчиси Сириянын бийлиги, Эл аралык кызыл чырым комитетинин өкүлдөрү менен жолугуп, бул өлкөдөгү качкындар лагерлеринде кармалып турган тажикстандыктарды мекенине кайтаруу маселесин талкуулады.

Тажикстандын Ирактагы жана Кувейттеги элчиси Зубайдулло Зубайдзода Эл аралык кызыл чырым комитетинин өкүлдөрү жана Сириянын тышкы иштер министри Фейсал аль-Микдад менен жолугушту.

Сүйлөшүү учурунда ал Хасаки провинциясында жайгашкан «Аль-Хол» лагериндеги тажик жарандарын мекенине кайтаруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлиги расмий сайтына жарыялады.

«Жолугушуу жүрүшүндө тажик жарандарын Сириядан алып келүү, эки өлкөнүн Ички иштер министрликтеринин ортосунда кызматташтыкты орнотуу, тактап айтканда терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн иш сапары менен алмашуу маселелери каралды», - деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Ошондой эле министрлик тажик жарандары жакынкы бир нече күн ичинде мекенине кайтып келерин маалымдайт.

2017-2018-жылдары Сириядагы «Ислам мамлекети» террорчул уюму талкалангандан кийин тажикстандык аялдар менен балдарды күрд кошуундары туткунга алган. Жоочулардын үй-бүлөлөрү Сириянын бир катар жерлериндеги лагерлерге камалган. Учурда 500дөн ашык тажикстандык «Аль-Хол» жана «Аль-Хасака» лагерлеринде жатат.

Ал эми тажик бийлиги бул аялдар менен балдарды өлкөгө кайтарыш үчүн сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзгөнүн, бирок коронавирус пандемиясынан улам кийинкиге жылдырууга туура келгенин билдирген.

«Аль-Хол» лагеринде турган келин «Азаттык» радиосунун тажик кызматына аны күйөөсү 2014-жылы Сирияга алып кеткенин, кийин күйөөсү согушта өлгөнүн айтып берген.

«Лагердеги санитардык абал начар. Азыр дене табым көтөрүлүп турат, бирок мага баш оорунун дарысын берип коюшту. Дарыгерлер аз жана баарына жетишсиз. Биз чындыгында үйгө кайткыбыз келет», - дейт ал.

Расмий Дүйшөмбүнүн өкүлдөрү Башар Асаддын өкмөтү менен буга чейин бир жолу жолугушуп, тажик жарандарын мекенине кайтаруу маселесин талкуулашкан. Бирок тажик жарандары отурган лагерлер күрд күчтөрүнүн көзөмөлүндө болгону кыйынчылык жаратып келет. Анткени бул күчтөр Башар Асаддын өкмөтүнө баш ийбейт жана өз алдынча иш алып барат. Андыктан серепчилердин айтымында, тажик бийлигинин расмий Дамаск менен сүйлөшүүсү майнапсыз.

Сириядагы дагы бир тажик келин бул жагдай боюнча оюн жашыруун айтып берген.

«Менин билишимче Орусия, Казакстан жана Өзбекстан өз жарандарын кайтарып алуу боюнча түздөн-түз күрд күчтөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Дипломатиялык этикага байланыштуу Башар Асаддын өкмөтүнө бул жөнүндө бир гана жолу маалымат берилген. Асаддын өкмөтү маселенин чечилишине таасир эте албайт. Күрддөр көзөмөлдөгөн аймактардан Башар Асаддын көзөмөлүндөгү аймактарга өтүш керек болуп калса гана алар өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Калган маселелердин баарын күрддөр чечишет», - деди Аль-Хол шаарында жашаган тажик аял.

Ал эми Кыргызстандагы Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова «Азаттык» радиосундагы маегинде Борбор Азия өлкөлөрү Сириядагы жарандарын кайтаруу боюнча ар түрдүү саясат жүргүзүп жатканын түшүндүргөн:

«Өзбекстан жалаң аялдар менен балдарды алып келди. Казакстан болсо ондогон эркектерди кайтарды. Бирок баары кармалып, азыр абакта отурушат. Сириядагы казак жарандардын баары кайтып келди деп айта албайбыз, анткени «Аль-Хол» жана «Руш» лагерлеринде дагы эле казакстандыктар бар. Биздин маалымат боюнча айрым үй-бүлөлөр өздөрү кайтуудан баш тартышыптыр. Себеби өзгөчө аялдар «биз барсак камайт экен» деп коркушат. Айрымдары болсо ИГИЛге берилип, ага мүчө болуп калгандар да бар, бирок аз. Ал эми кыргыз тараптан учурда бир да аракет боло элек. Азырынча шайлоолор өтүп, абал турукташса бул маселе кайра каралат деген ойдомун».

29-ноябрда Өзбекстандан барган расмий делегация күрд күчтөрү менен 100гө жакын аялдар менен балдарды кайтарып берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Былтыр Ташкент Сириядан 220дай аял менен баланы өз мекенине кайтарып келген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150ү ошол жакта каза болгон. «Ислам мамлекетине» кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар.

Ал эми БУУнун болжолдуу баасына караганда, Сириядагы «Аль-Хол» лагеринде 65 миңдей киши кармалууда. Алардын арасында 28 миң сириялык, 20 миң ирактык жана ар кыл улуттан келген 10 миңдей киши бар.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG