Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Минск соту Колесникованын тергөө абагындагы мөөнөтүн узартты


Мария Колесникова 7-сентябрда беларус-украин чек арасында камакка алынган.
Мария Колесникова 7-сентябрда беларус-украин чек арасында камакка алынган.

Беларуста Минск шаардык соту оппозиция лидерлеринин бири Мария Колесникованын абактагы мөөнөтүн келерки жылдын 8-январына чейин узартуу тууралуу арызды канааттандырды.

Анын адвокаты Людмила Казах сот жараяны жабык өткөнүн, муну менен мыйзам бузулганын айтты. Казах Колесникова ага түрмөдөн 10 кат жөнөткөнүн, бирок анын колуна төртөө гана тийгенин билдирди жана кардары менен жолуктурбай жатканы дагы мыйзам бузууга жатарын айтып, түрмө башчысы боюнча арыз жазганын маалымдады.

Координациялык кеңештин негизги мүчөсү Колесникова 7-сентябрда кармалган. Беларус бийлиги аны чек арадан мыйзамсыз өтүп бараткан деп айткан. Колесникова болсо аны эки шериги менен Украинага күчтөп чыгарып салууга аракет жасашканын, бирок паспортун тытып жиберип калып калганын билдирген.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, анда өлкөнү соңку 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Оппозиция шайлоо жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери миңдеген адам нааразылык акцияга чыгып, Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып келет. Күч органдарынын демонстранттарды кууп таратышы, ашкере күч колдонгону сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG