Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Садыр Жапаров Түрк Кеңешинин баш катчысы менен жолукту


Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) баш катчысы Багдад Амреев менен жолугушуу учуру. 27-октябрь, 2020-жыл.
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) баш катчысы Багдад Амреев менен жолугушуу учуру. 27-октябрь, 2020-жыл.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) баш катчысы Багдад Амреев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппараты кабарлады.

Кабарга караганда жолугушууда Жапаров Амреевге өлкөдөгү саясий кырдаал жөнүндө маалымат берип, Кыргызстан элинин биримдиги менен акылмандыгынын негизинде курч саясий кризис ыкчам жана тынч чечилгенин белгилеген.

Багдад Амреев Түрк Кеңешинин экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иши, ошондой эле уюмдун келечегин аныктаган «Түрк Кеңеши - 2025» стратегиясынын долбоору жөнүндө айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча иш-аракеттерди күчөтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу кеп болду.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кыргыз тарап ар тараптуу кызматташууга даяр экенин айтып, ТМККнын Инвестициялык фондунун башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу боюнча демилгени кубаттады.

Тараптар Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине кирген мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Түрк кеңешин түзүү тууралуу келишим Азербайжандын Нахчыван шаарында 2009-жылы түзүлгөн. Уюмда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия бар. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ. (ErN)

XS
SM
MD
LG