Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Мирзиёев Кыргызстандан депортацияланган журналистке Ташкенттен үй тартуулады


Бобомурод Абдуллаев.
Бобомурод Абдуллаев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев журналист Бобомурод Абдуллаевге Ташкенттен үч бөлмөлүү батир тартуулады. Бул тууралуу журналист 18-октябрда "Facebook" баракчасы аркылуу билдирди.

«8-сентябрда президент Шавкат Миромонович Мирзиёев Ташкентте жаңы курулган үйдөн үч бөлмөлүү батир белек кылды. Ал бардык турмуш-тиричилик техникасы менен жабдылган. Үйгө 5-октябрда көчүп келдик. Президент Шавкат Мирзиёевге чоң рахмат! Аллах ыраазы болсун!», - деди журналист.

9-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Өзбекстандын өтүнүчү менен Абдуллаевди Бишкекте кармаган.

Бишкек соту аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. УКМК Абдуллаев 22-августта Ташкентке өткөрүлгөнүн кабарлаган. Журналист Ташкентке жеткирилгендин эртеси, 23-августта жүрүм-турум эрежелерин бузбоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулган.

Азырынча Өзбекстанда журналистке кандай айыптар коюлганы белгисиз. Бул тууралуу расмий маалымат жок.

Журналист өзү Бишкекте кармалгандан кийин мекенинде «Кара Мерген» деген каймана ысым менен өкмөткө каршы макалаларды жазган деп айыпталып жатканын билдирген.

Бобомурод Абдуллаев 2017-жылы Өзбекстанда конституциялык түзүлүштү кулатуу максатында кутумга барган деп шек саналып камакка алынган. 2018-жылы май айында сот залынан бошотулган.

XS
SM
MD
LG