Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

«Жарандык көзөмөл комитети» улуттук диалог өткөрүүнү сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Жарандык көзөмөл комитети» уюму өлкөдө түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулаш үчүн улуттук диалог өткөрүүнү сунуш кылып, жарандык аянтча болууга даяр экенин билдирди. Уюмдун координатору Динара Ошурахунова мындай диалогду маселени чечүүнүн жалгыз жана реалдуу жолу деп баалап, аны 15-16-октябрда өткөрүү ылайык экенин белгиледи.

Уюмдун пикиринде, талкууга президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, парламенттик шайлоого катышкан бардык партиялар, байкоочу катары эл аралык уюмдар жана чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү, бизнес-коомчулук жана журналисттер катышканы туура болот.

Диалогдун күн тартибине парламенттик шайлоону кайра өткөрүү, шайлоо эрежелерин өзгөртүү, бири-бирин куугунтуктоону токтотуу, техникалык премьер-министрлик кызматка талапкер көрсөтүү жана бекитүү маселелерин киргизүү тууралуу сунуш айтылды. Уюмдун пикиринде, азыркы шартта өкмөт башчы болом деген адам бир да саясий партия менен байланышпаган, жаңы шайлоону өткөрүүгө, коронавируска каршы чара көрүүгө, элдин коопсуздугун жана бардык мамлекеттик органдардын ишинин туруктуулугун камсыз кылууга даяр болушу зарыл.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкө азыр саясий кризисте турат. Борбор шаардагы башаламандыкта бир адамдын өмүрү кыйылып, жүздөгөн адам жараат алды.

10-октябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйын куруп, өкмөт башчыны бекиткени айтылган, бирок бул жыйындын мыйзамдуулугу күмөн жаратууда.

«Жарандык көзөмөл комитети» 2020-жылдын 10-апрелинде түзүлгөн. Анын курамында 100дөн ашуун жарандык уюм жана активист бар. (RK)

XS
SM
MD
LG