Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:20

Караколдо жарандык активисттер нааразылык акциясына чыгышты


Караколдогу нааразылык акциясы. 5-октябрь, 2020-жыл.
Караколдогу нааразылык акциясы. 5-октябрь, 2020-жыл.

Каракол шаарында жарандык активисттер парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип, акцияга чыгышты. Активисттердин бири Жамиля Сыдыгалиеванын айтымында 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо калыстык болгон жок.

«Кыргызстан - элдики. Биздин өлкө коррупцияга малынган адамдардыкы эмес. Кечээки шайлоодо бардыгы ачык-айкын көрүнүп турду, чоң унаалар менен элди ташып келип жатышты, акча таратышты. Ушул шайлоону биз жакшы өттү дей албайбыз, Борбордук шайлоо комиссиясы чара көрбөй, көз жумуп койду. Биз элди төңкөрүш жасоого чакырган жокпуз, болгону өз позициябызды билдирип жатабыз»,- деди Жамиля Сыдыгалиева.

Тынчтык акциясы Каракол шаарынын борбордук аянтында өтүп жатат.

Ысык-Көлдө 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоого шайлоочулардын 51,8% добуш берди. (KS)

XS
SM
MD
LG