Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:51

Бишкектеги митингде пикир келишпестик чыкты


Бишкектеги митинг. 5-октябрь, 2020-жыл.
Бишкектеги митинг. 5-октябрь, 2020-жыл.

«Социал-демократтар» партиясынын 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылык митинги үзгүлтүккө учурады.

Өздөрүн «Апрель шейиттери» кыймылынын мүчөлөрү деп атагандар апрель окуяларынын курмандыктарына коюлган эстеликтин алдында митинг өткөрбөөнү талап кылышууда. Алардын өкүлү «Азаттыкка»:

«2010-жылы бул жерде биздин балдардын каны төгүлгөн, ыйык жер, ошондуктан, бул жерде митинг өткөрүлбөшүн талап кылабыз», - деп билдирди.

Митингдин айрым уюштуруучулары аларды «чагымчылдар» деп айтышты.

Кайым айтышуудан соң, «Социал-демократтар» баштаган митингчилер акцияны башка жактан улантууну чечип, Ала-Тоо аянтына барышты. Учурда аянтта «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы» партияларынын тарапкерлери 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митингин өткөрүп жатышат.

5-октябрь күнү парламенттик шайлоодон өтпөй калган «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Ордо», «Мекен Ынтымагы» партиялары биригип, каршылык көрсөтүү тууралуу резолюцияга кол коюшкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү. Ал эми «Бир Бол» партиясы 3% көбүрөөк добуш алды. Акыркы жыйынтыкты БШК бюллетендерди кол менен эсептеп бүткөндөн кийин чыгарышы керек.

БШКнын 4-октбярда, саат 23:30га карата маалыматы боюнча шайлоонун баштапкы жыйынтыгы дээрлик 98% белгилүү болду. Маалыматка караганда, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы добуштардын 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттү. «Мекенчил» партиясында добуштардын 6,8%, «Республикада» 5,8%, «Ата Мекенде» 4,0%, «Ыйман Нурунда» 3,3%, «Бир Болдо» 3,0%, «Чоң Казатта» 2,3%, «Замандашта» 2,1%, «Социал-демократтарда» 2,1%, «Реформада» 1,6%, «Мекен Ынтымагында» 0,6%, «Ордодо» 0,2% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,1% бар. Шайлоочулардын 1,8% баарына каршы добуш беришти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG