Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:08

«Социал-демократтар» партиясы мөөнөтсүз митинг жарыялады


Өкмөт Үйүнүн алдында «Социал-демократтар» партиясынын бир нече мүчөсү шайлоонун жыйынтыктарына каршы чыгып, мөөнөтсүз тынчтык митингин баштады. Партиянын мүчөсү, парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон Темирлан Султанбеков: «Бүгүндөн тартып бийликти уюшкан кылмыштуу топ деп атаса туура. Алар бийликти күч менен пара берип, жасалма жол аркылуу сатып алды. Бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырабыз. Биз эми тынчтык митингин уланта беребиз», - деди.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча саат 21:30га карата «Биримдик» партиясы 24%, «Мекеним Кыргызстан» партиясы 24,01% менен алдыда келе жатат.

Үчүнчү болуп «Кыргызстан» партиясына добуш бергендер саналууда, алар 8, 78% түздү. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 7, 04% добуш алды.

«Социал-демократтар» партиясы Бишкек шаарында гана 7,01% добуш алып, башка аймактардан жетиштүү добуш ала алган эмес. (BCh)

XS
SM
MD
LG