Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:25

«Республика» партиясы тарапкерлерин кысымга алуу, сабоо, өлтүрүү фактылары аныкталганын билдирди


«Республика» партиясы 1-октябрда кайрылуу таратып, «үгүт иштери башталгандан бери өлкөнүн айрым аймактарында партиянын тарапташтарын моралдык жана физикалык кысымга алуу, сабоо жана өлтүрүү фактылары аныкталды» деп билдирди. Партиянын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арстан Туржановдун атынан таратылган кайрылууда 2020-жылдын 29-сентябрында Ош облусунун Өзгөн районунда партиянын тарапкери Замир Ормон уулу өлтүрүлгөнү айтылат.

Анда Туржанов бул кылмыш иши талаптагыдай иликтенбей, мамлекеттик компетенттүү органдар тарабынан үй-бүлөлүк кылмыш катары гана көрсөтүлөт деген кооптонуу бар экенин белгилеген.

29-сентябрда Өзгөндө катталган эки кишинин мушташында бирөө каза болгон. Интернетте тараган маалыматтарда шайлоого катышып жаткан эки партиянын эки үгүтчүсү пикир келишпестиктен улам мушташып кеткени кабарланган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка» чырдын шайлоого тиешеси жок экенин маалымдаган. Ал 29-сентябрдын түнү алкоголдук ичимдик ичкен эки адам эски пикир келишпестигин эстеп уруша кетишкенин, жанындагылар ажыратып жетишкенче алардын бири экинчисин учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып жибергенин билдирген.

Маалыматка караганда бул иш боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. Киши өлтүрүү боюнча шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген.

Аширбаев маркум «Портер» үлгүсүндөгү автоунаасын «Республика» партиясынын үгүтчүлөрүнө ижарага бергени аныкталганын, кылмышка шектүү адамдын бир да партияга тиешеси жок экенин кошумчалаган.

Партия өз кайрылуусунда ошондой эле башка аймактарда да тарапкерлери сабалган, кысымга кабылган учурлар бар экенин белгилеп, Панфилов, Нарын райондорунан фактыларды келтирген. Кайрылууда партия ал фактыларга кылдат көзөмөл жүргүзүп, чара көрүүгө укук коргоо органдарын, Башкы прокуратураны, Борбордук шайлоо комиссиясын чакырган. Аталган тараптар кайрылууга комментарий бере элек.

Кыргызстанда 120 орундуу парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия катышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG