Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:37

Беларуста "элдик инаугурацияда" ондогон адамдар кармалды


Беларуста каршылык акциялар эки айга жакын убактан бери токтой элек.
Беларуста каршылык акциялар эки айга жакын убактан бери токтой элек.

Беларуста Минск баштаган бир катар шаарларда күч органдары каршылык акциясына чыккан ондогон адамдарды кармап кетти. "Азаттыктын" беларус кызматы демонстранттар Минскиде Жеңүүчүлөр проспектисинде, Спорт ордосунун жана "Юбилейная" мейманканасынын жанына чогулганын, милиция кууп таратканын жазды. Ошондой эле Гродно шаарында акцияга чыккан ондогон адамдар кармалды. Ушундай эле окуялар Лида, Могилев, Гомел шаарларында да болду.

Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы миңдеген жарандар 50 күндөн бери каршылык акцияларына чыгып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы алтынчы жолу жеңди деп жарыялаган Александр Лукашенко 23-сентябрда ант берүү аземин коомчулукка жарыялабай, жашыруун өткөргөн.

Оппозиция лидери, Лукашенконун башкы саясий атаандашы Светлана Тихановская беларустардын башчысы өзү экенин айткан жана жарандарды "баш ийбөө" акциясына чыгууга чакырган.

Минск шаарында 27-сентябрда "Чыныгы президенттин элдик инаугурациясы" өтөрү жарыяланган.

Евробиримдиктеги бир катар өлкөлөр, Британия, Украина, Канада жана АКШ Лукашенконун президенттикке киришүүсүн «мыйзамсыз» деп жарыялашкан. Анын алдында Европа парламенти Лукашенконун бешинчи президенттик мөөнөтү 5-ноябрда аяктагандан кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын билдирген.

Лукашенко өтүп жаткан митингдер үчүн Батышты күнөөлөп келет.

XS
SM
MD
LG