Европарламент Александр Лукашенконун президенттик мөөнөтү 5-ноябрда бүткөндөн кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбайт.
Евробиримдиктин мыйзам чыгаруу органы мындай мазмундагы резолюциясын 17-сентябрда кабыл алды.
Европарламенттин Беларустагы кырдаалга байланыштуу төртүнчү резолюциясын 574 депутат колдосо, 38и каршы, 82и калыс болду. Депутаттар Европа кеңешинин буга чейин жарыяланган позициясын ырастап, Беларустагы 9-августта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын белгилешти. Буга алар шайлоонун одоно мыйзам бузуу менен коштолгонун жүйө келтиришти.
Резолюцияда Беларуста тынч демонстранттардын өлүмүн иликтөө, жаңы шайлоо өткөрүү тууралуу талаптар да коюлду.
«ЕККУнун көзөмөлү астында жаңы шайлоо өткөрүү - учурдагы кырдаалды жөнгө салуунун башкы жолу. Азырынча Беларус бийлиги менен эч кандай деңгээлде байланыш түзгөн жокпуз. Лукашенконун бийликте калууга умтулган өжөрдүгү, анын Москвадан барган сайын көбүрөөк колдоо алып жатканы кырдаалды татаалдаштырып жатат», - деп билдирди бейшембидеги жыйында Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррел.
Мындан тышкары Европарламент Беларуста бийликтин тынч жол менен өткөрүлүп берилишин жактай турганын, оппозициянын Координациялык кеңешин «демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган элдин убактылуу өкүлдөрү» катары тааный турганын белгиледи. Бейшембиде кабыл алынган резолюциянын мыйзамдык күчү жок. Бирок бул документ Европадагы институттар үчүн саясий ориентир болуп берет.
Беларусту 26-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко Европарламенттин чечимине бейшемби күнү Минксидеги аялдардын форумунда жооп кайтарды. Ал башка өлкөлөрдүн Беларустагы шайлоону тааныганы же тааныбаганы маанилүү эмес экенин айтып, өлкөдөгү кырдаал үчүн кайрадан Батыш өлкөлөрүн айыптады. Ошондой эле Орусиянын президенти жана коргоо министри менен Беларусту «коргоого аргасыз болуп жатканын» кошумчалады.
«Биз аскерлерди көчөлөрдөн чыгарып кетип, армиянын жарымын күжүрмөн даярдыкка келтирип, мамлекеттик чек аранын батыш тарабын, биринчи кезекте Литва жана Польша менен чек араны жабууга аргасыз болуп жатабыз. Биз өтө өкүнүү менен биздин боордош Украина менен чек арабызды да бекемдөөгө аргасызбыз», - деп билдирди Лукашенко.
Лукашенко 16-сентябрда да АКШны, Борбордук жана Чыгыш Европадагы айрым өлкөлөрдү жана Украинаны Беларусту «жок кылуу боюнча сценарий даярдап, ишке ашырууга аракет кылган» деп айыптаган. Аталган өлкөлөр мындай дооматтарды четке кагып, бул сыяктуу билдирүүлөрдү Лукашенконун бийликте калуу амалы катары мүнөздөп жатышат.
Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодон бери түмөндөгөн адамдар катышкан жүрүштөр токтобой келет. Демонстранттар Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн, саясий туткундардын боштондукка чыгарылышын талап кылышууда.
Беларустун бийликке баш ийген Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенко добуштардын 80%, оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская 10% жакынын алганын билдирген. Бирок оппозициянын башкы лидерине айланган Тихановская бюллетендер туура саналган ондогон добушканалардын жыйынтыктарына таянып, президенттик шайлоодо өзү жеңгенин белгилеп жатат.
Литвага чыгып кеткен Тихановская 18-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинде видеокайрылуу жасады. Ал Минскиден Лукашенконун бийлигинин кылмыштуу аракеттерин иликтей турган эл аралык миссияны Беларуска киргизүүнү талап кылды.
Евробиримдик Беларустагы митингдерди күч менен басууда көрсөтүлгөн бийликтин зордук-зомбулугун талкуулаш үчүн чукул жыйын өткөрүүнү сунуш кылган. Ошондой эле шаркеттин жетекчилери БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Мишел Бачелетти Беларустагы кырдаалга кылдат көз салууга чакырышкан.
Тихановская 17-сентябрда билдиргендей, оппозиция жана укук коргоо уюмдары демонстранттарга зомбулук көрсөткөн коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрүнүн жана тиешелүү аткаминерлердин аты-жөнүн жарыялоого даярданып жатышат. Оппозициянын лидери тизме 10-сентябрда ОМОН тарабынан өлтүрүлдү деп эсептелген биринчи демонстрант Александр Тарайковскийдин атынан аталышы мүмкүн экенин айтты.
Ал тизме АКШга, Евробиримдикке жана башка мамлекеттерге берилери маалым болду. Вашингтон менен Брюссел Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жана митингдерди күч менен басууга тиешеси бар беларус аткиминерлерине санкция салууну көздөп жатат.