Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Кабул туткундагы талиб жоочуларынын дээрлик баарын бошотту


Ооган бийлиги февралдагы келишимдин шарты боюнча беш миңдей талиб туткунун бошотту.
Ооган бийлиги февралдагы келишимдин шарты боюнча беш миңдей талиб туткунун бошотту.

Ооган өкмөтү «Талибандын» туткундагы калган 400 жоочусунун дээрлик баарын бошотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башталышын күтүп жатканын билдирди. Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жавид Файсал 3-сентябрда «Твиттердеги» баракчасына: «Дипломатиялык аракеттер уланып жатат. Биз түз сүйлөшүүлөр чукул арада башталат деп күтүп жатабыз», деп жазды.

Буга чейин Австралия менен Франция 400 талиб туткунунун арасында Ооганстанда чет өлкөлүк аскерлердин өлүмү үчүн айыпталган кеминде жети адамды бошотууга каршы чыккан. «Азаттыктын» ооган кызматы ишенимдүү булактарына таянып, ал жети туткун Катарга которуларын, маселе чечилгиче АКШнын көзөмөлүндө болорун жазды.

Буга чейин талибдер ооган коопсуздук күчтөрүнүн 20дан ашык өкүлүн кармап турганы кабарланган.

Кабулдун соңку билдирүүсү ушул тушта өкмөттүк топ Катарда жүргөн маалга туш келди. Кабул негизги сүйлөшүү тобу жакында Дохага жөнөп кетерин билдирди. Азырынча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн так күнү белгисиз.

Буга чейин «Талибан» туткундагы тарапташтары бошотулары менен эле сүйлөшүүлөр башталарын билдирген жана «бул жараянды созуп жатат» деп Кабулду айыптаган.

Быйыл февраль айында АКШ «Талибан» менен дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол койгон. Документте Кабул менен талибдер туткундарды айырбаштагандан кийин сүйлөшүүлөр башталары айтылган.

Ооган бийлиги февралдагы келишимдин шарты боюнча беш миңдей талиб туткунун бошотту. «Талибан» өз тарабынан миң туткунду, анын ичинде өкмөт кызматкерлерин жана коопсуздук аскерлерин коё бергенин билдирип келатат. Ошондой эле макулдашуудагы башкы шарттардын бири катары америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү каралган.

XS
SM
MD
LG