29-августта күндүз Баткен облусунун тоо этектеринде, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29° болот.