Кошмо Штаттардагы Демократиялык партия Жо Байденди ноябрда өтчү президенттик шайлоого талапкер катары расмий көрсөттү.
Чечим 17-августта партиянын жыйынында кабыл алынды. Быйыл жыйын коронавирус пандемиясына байланыштуу онлайн өттү.
Мурдагы вице-президент, 77 жаштагы Байден талапкерлиги расмий көрсөтүлгөндөн кийин делегаттарга ыраазычылык билдирип, «бул анын үй-бүлөсү жана өзү үчүн абдан маанилүү экенин» кошумчалады.
Жыйындын экинчи күнүндө сөз сүйлөгөндөрдүн арасында мурдагы президент Билл Клинтон да бар. Ал президент Дональд Трамптын администрациясынын пандемия убагындагы аракетин сынга алды.
Байденди колдоп чыккандардын баары эле Демократиялык партиянын мүчөлөрү эмес. Маселен, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Байденди сүрөгөн республикачылардын катарын толуктады.
Республикалык партиянын жыйыны кийинки аптага белгиленген.
Аризона штатында жумуш сапарында жүргөн президент Дональд Трамп чек арачылардын кошууну менен жолугуп жатып, Байден мамлекеттин башына келсе «буга чейин болуп көрбөгөндөй мыйзамсыз миграциянын агымына жол берилерин» билдирди.