Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

АКШнын башкы дипломаты Чехияга келди


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Прага аэропортунда. 11-август, 2020-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Прага аэропортунда. 11-август, 2020-жыл.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Борбордук Европадагы беш күндүк сапарын баштады. Ал 11-августта Чехиянын баш калаасы Прагага келди. Анын бул жолку сапарында Европадагы 5G түйүндөрүн куруудагы Кытайдын ролуна көңүл бурулаары күтүлүп жатат.

Помпео шейшемби күнү Чехиянын тышкы иштер министри Томаш Петржичек менен жолугуп, 12-августта чех премьер-министри Андрей Бабиш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле Чехиянын Сенатында сөз сүйлөп, Орусияны жана Кытайды жактаган саясаты менен таанымал чех президенти Милош Земан менен чакан жолугушуу өткөрөт.

Мындан тышкары маалымат технологиялары тармагында иштеген чехиялык жана америкалык компаниялардын өкүлдөрү менен 5G түйүндөрүнүн айланасындагы жагдайларды талкуулайт.

АКШнын башкы дипломаты Чехиядан кийин Словенияга, Австрияга жана Польшага барат. Словенияда 5G түйүндөрүнүн коопсуздугуна байланыштуу эки тараптуу келишимге кол коюлат.

XS
SM
MD
LG