Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Жапония Хиросима, Нагасаки апаатынын 75 жылдыгын эскерип жатат


Эскерүүгө жапон премьер-министр Синзо Абэ катышты, чет өлкөлүк коноктордун саны чектелүү болду.
Эскерүүгө жапон премьер-министр Синзо Абэ катышты, чет өлкөлүк коноктордун саны чектелүү болду.

Коронавирус пандемиясынан улам апаатты эскерүү иш-чаралары кыйла жупуну өттү. Хиросимада 6-августта коңгуроолор кагылды. Эскерүүгө премьер-министр Синзо Абэ катышты, чет өлкөлүк коноктордун саны чектелүү болду. Ортодогу аралык сакталып, келгендердин баары беткапчан отурду. Шаардык паркка кирүү-чыгуу чектелди, эскерүү иш-чарасына апааттан аман калгандар менен алардын жакындары гана катышты.

Хиросиманын мэри Казуми Мациу «1945-жылы 6-августта биздин шаарыбыз талкаланган, анда 140 миң адам мерт болгон. Ошондо «75 жыл бою бул аймакта эч нерсе өспөйт» деген сөздөр айтылган. Ага карабай Хиросима жарааттан айыгып, тынчтыктын символуна айланды», - деди.

75 жыл мурун Экинчи дүйнөлүк согуш аяктап баратканда АКШ алгач Хиросима шаарына, андан көп өтпөй Нагасакиге атом бомбасын таштаган. Хиросимада 140 миңдей, ал эми Нагасакиде 70 миңден көп киши кырылган. Бомба чабуулунан кийин Азияда согуш токтогон жана Жапониянын падышычылыгы өнөктөштөргө 1945-жылы 15-августта багынып берген.

XS
SM
MD
LG