Кыргыз өкмөтү саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун кызматтан кеткендиги тууралуу маалыматты четке какты.
Өкмөттүн басма сөз кызматы 27-июлда билдиргендей, министр Абдикаримов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган жок.
«Ал ооруканадан чыкты. Учурда аралыктан иштеп жатат. Жакынкы күндөрү ишке чыгат», - деп жазылган өкмөттүн билдирүүсүндө.
Буга чейин жергиликтүү айрым маалымат булактары Абдикаримов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын, анын ордуна өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Элнура Боронбаева дайындала турганын жазып чыккан.
10-июлда Саламаттык сактоо министрлиги Сабиржан Абдикаримовдон пневмония аныкталып, ооруканага жатканын билдирген. (NT)