Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Бириккен Араб Эмираты Марска алгачкы жандоочусун жөнөттү


Дүйшөмбүгө караган түнү Бириккен Араб Эмираты (БАЭ) Марска “Аль-Амаль” (Үмүт) деп аталган автоматташтырылган спутникти учурду. Жапониянын H-IIA ракета-алып жүрүүчүсү менен Танэгасима аралындагы космодромдо учурулган “Аль-Амаль” кызыл планетага жети айдын ичинде жетет деп күтүлүүдө. Спутник 430 чакырым бийиктикте ракета-алып жүрүүчүдөн ийгиликтүү ажырады.

Маалыматка караганда, «Аль-Амалдын» салмагы 1350 килограммды түзөт. Ал эки күн батареясы, көп каналдуу камера, инфракызыл жана ультрафиолет спектрометрлер менен жабдылган. Алгач ракетаны учуруу 14-июлга белгиленген, бирок аба ырайына кийинкиге жылдырылган.

БАЭ бийлиги миссиянын максаты — атмосфераны, климаттык шарттарды жана жыл мезгилдеринин алмашуусун изилдөө экенин билдирди. Анын баасы 200 миллион долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG