Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Чехословакиянын компартиясынын башчысы Милош Якеш дүйнөдөн кайтты


Милош Якеш. (алдыңкы планда).
Милош Якеш. (алдыңкы планда).

Баркыт ыңкылабына чейин Чехословакияны башкарып турган, Коммунисттик партиянын акыркы башчысы Милош Якеш 97 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Чехиянын радиосу кабарлады.

Саясатчы бийликтен 1989-жылы четтетилген. Чехияда ага каршы “мамлекетке чыккынчылык кылганы жана Батышка кетүүгө аракет кылган жарандардын өлүмү үчүн” кылмыш иштери козголгон.

Якеш 1922-жылы Ческе Халупа кыштагында кедей үй-бүлөдө туулган. 1945-жылы Компартиянын катарына кирип, бат эле партиялык карьерасын түптөгөн. Москвадагы жогорку партиялык мектепте окуган. 1968-жылкы “Прага жазы” деп аталган окуяда Чехословакияга Варшава келишими боюнча аскерлердин кирүүсүн жактаган.

1977-жылдан тартып Борбордук компартиянын мүчөсү болгон.

1987-жылы партиянын төрагасы Густав Гусак ага ордун бошотуп, өзү өлкөнүн президенти болуп шайланган. 1989-жылы ноябрда массалык демонстрациялар башталган учурда компартиянын жыйынында Милош Якеш кызматынан четтетилген. Өлкөдө коммунисттик режим кулаган соң, Якеш партиядан жана саясаттан кеткен.

2002-жылы Якеш 1968-жылкы окуялар боюнча “мамлекетке чыккынчылык кылганы үчүн” айыпталып, бирок акталып чыккан. 2019-жылы ага Батыш өлкөлөрүнө кетүүнү каалаган чехтердин өлүмүнө тиешеси бар деген негиз менен кылмыш иши козголгон.

Якеш өмүрүнүн аягына чейин коммунисттик көз карашын өзгөрткөн эмес. Көз карандысыздыктын 30 жылдыгында, 2019-жылы ноябрда ал Баркыт ыңкылабын социализмдин кулашына алып келген контрреволюциялык төңкөрүш деп тааный турганын билдирген.

Милош Якештен соң коммунисттик режимдин лидерлеринен 89 жаштагы Михаил Горбачёв калды.

XS
SM
MD
LG