28-июнда Москва – Бишкек багыты боюнча чартердик каттам менен 393 кыргызстандык жаран учуп келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер. Алардан тышкары алдыдагы Параолимпиада оюндарына даярдык көрүү үчүн Орусиянын аймагында машыгып жүргөн пара пауэрлифтинг курама командасынын мүчөлөрү, оорукчан жана Кыргызстанга ыкчам кайтууга муктаж болгон жарандар келишти.
Келгендердин баары обсервацияга жайгаштырылат. Студенттерди кайтаруу боюнча кайрылуулар көп болгонуна байланыштуу министрлик атайын каттамдар мындан ары да уюштурулуп турарын кошумчалады.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, ушуну менен пандемия жарыялангандан бери Орусиядан Кыргызстандын жарандары 54 чартердик учак жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург облусунан 20 автобус менен келди.
28-июнга карата Орусиядан жалпы 12 миңден ашуун адам Кыргызстанга алып келинген.
Элчилик Орусиядагы кыргызстандыктарды мекенине жеткирүү үчүн Москва-Бишкек, Москва-Ош багытындагы чартердик каттамдарды жумасына эки ирет жүргүзүүгө жана Орусиянын башка шаарларынан да кыргызстандыктарды алып кетүү үчүн чартердик каттамдарды уюштурууга аракеттер көрүлүп жатканын маалымдаган. (ZKo)