Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

АКШда COVID-19 жуккан учур апрелден берки эң чоң чекке жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 34,7 миңден ашык адамдан катталды жана бул апрель айынын аягынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Мындай жагдайдан улам Нью-Йорк, Нью-Жерси жана Коннектикут штатынын губернаторлору оору көбөйүп жаткан сегиз штаттан, тактап айтканда, Алабама, Арканзас, Флорида, Түндүк Каролина, Түштүк Каролина, Техас жана батыштагы Аризона менен Ютадан келгендерди 14 күндүк карантинге алууну чечти.

Оору очогуна айланган Техаста акыркы эки аптанын ичинде ооруканага жаткырылган бейтаптардын саны эки эсеге, ал эми өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алган адамдардын саны үч эсеге көбөйдү. Штаттын губернатору Грег Эбботт тургундарды үйдө болууга чакырды.

Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен вирустан 480 миңден ашык бейтап жан берди. Ооруга кабылгандардын жалпы саны 9,3 миллиондон ашты.

XS
SM
MD
LG