Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Жогорку Кеңештин бир депутатынан коронавирус аныкталды


Бейшеналы Нурдинов. Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү.
Бейшеналы Нурдинов. Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү.

“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов COVID-19 инфекциясын жугузуп алганы аныкталды.

Маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-июнда брифингде ырастады. Анын сөзүнө караганда, жалпы Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары лабораториялык ПЧР анализ тапшырышкан, Нурдиновдон башка депутаттардын анализи таза чыккан.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламенттин аппарат кызматкерлери да коронавируска лабораториялык текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгы таза чыкканын кабарлады.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунан 17-июнда коронавирус аныкталган. Ал азыр Токмоктогу жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатканын, абалы жакшы экенин “Азаттык” радиосуна билдирген.

20-июнда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, 19-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, Ош облусундагы Араван районунун акими Курбанбай Айтибаев коронавирус илдетине чалдыкканы маалым болгон.

20-июнга карата Кыргызстанда 192 адамдан коронавирус илдети аныкталды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG