Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Бишкектин мэри Азиз Суракматовдон коронавирус аныкталды


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

Маалыматты мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев “Азаттык” радиосуна ырастады:

“Мэр үч күндөн бери дене табы көтөрүлүп, үйдөн иштеп жаткан. Кечээ лабораториялык ПЧР-анализинин жыйынтыгында ал коронавирус жугузуп алганы аныкталыптыр. Абалы жакшы, азыр эле сүйлөштүм. Азырынча үйүнөн эле дарыланып жатат”.

Түлөбаевдин маалыматына караганда, мэриянын бардык кызматкерлери анализ тапшырган, баарынын жыйынтыгы таза чыккан. Ушу тапта кызматкерлердин баары үйүнөн иштеп жатат. Жарандарды кабыл алуу убактылуу токтотулган. Мэриянын имараты 19-июнда кечинде толук дезинфекция болгон.

20-июнга карата Кыргызстанда 192 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Анын ичинен 94 адам Бишкекте. 62си Чүй облусунда. Республикалык ыкчам штаб кырдаалды көзөмөлдөө күчөтүлөрүн маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG