Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Саясий бирикме тууралуу маалыматтан баш тарткан КТРК парламентте сынга кабылды (видео)


Жогорку Кеңеш 10-июндагы сессиясында КТРКнын Байкоочу кеңешинин 2019-жылдагы иши жөнүндө отчетун угуп жатат.

Жыйында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев телеканалда көп материалдар бурмаланып же эфирден такыр көрсөтүлбөй жатканын билдирди.

Дагы бир депутат Рыскелди Момбеков 5-июнда "Ата Мекен" жана "Ак шумкар" партияларынын бириккени тууралуу иш-чара ободон кетпей калды деп сын айтты. КТРК жетекчилигин, байкоочу кеңешти калыс болууга чакырды.

"Азамат Таалайбекович, (Ред: КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Азамат Болгонбаев ) мен сиз келгенде сүйүндүм эле. Азамат иним акын деп, акындыкка жакын деп, Калык акын барбаса да, калыс акын барды депчи. Бирок сиздин калыстыгыңызды көрө албай жатабыз. Асыресе, бул башкаруучу органдын баяндамасы эмес, аткаруучу органдын отчету болуп калыптыр. Өткөндө саясий партиялар, саясий ишмерлердин бириккени тууралуу эки мүнөттүк сюжет көрсөтүп койгула деп акчасын төлөсөк, үгүт иштеринин тарифи менен 176 миң сомду алып, кечинде кайра баш бартты. Муну кандай түшүнсө болот? Акаевдин убагында Карыпкулов да, Атамбаевдин убагында Карыпбеков мындай карасанатайлыкка барган жок эле го. Силер муну менен президенттин саясатын саботаж кылып атасыңар. БШКдан сурасак, "али шайлоо өнөктүгү баштала элек, президенттин жарлыгы чыга элек, жөн эле көрсөтүшү керек" деген кат алып келди. А булар акчаны алып туруп, экинчи күнү кайтарып берди. Сюжетти көрсөтпөй койду. "Кара жащиктин" кара пиарлары качанга чейин уланат?", - деп суроо салды Момбеков.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Азамат Болгонбаев ар тараптуулук, калыстык боюнча иш жүрүп жатканын, Момбеков айткан маселе жыйында ортого салынарын билдирди.

КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу шайлоо өнөктүгү баштала электигине байланыштуу калыстык үчүн сюжетти көрсөтүүдөн баш тартылганын белгиледи.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 2019-жылдагы иши жөнүндө отчетун 8-июнда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет караган. Байкоочу кеңештин отчету эске алынсын деп табылган. (NT)

XS
SM
MD
LG